Кыргыз улуттук университетине ректор болуп Чынара Адамкулова дайындалды

© пресс-служба КНУБилим берүү жана илим министри Элвира Сариева жаңы ректор Чынара Адамкулованы эмгек жамаатына тааныштырды.
Билим берүү жана илим министри Элвира Сариева жаңы ректор Чынара Адамкулованы эмгек жамаатына тааныштырды. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине жаңы ректорду дайындоо жөнүндө буйрукка Темир Сариев 11-июнда койгондугун өкмөт башчынын маалымат катчысы билдирди.

БИШКЕК, 15-июнь — Sputnik. Билим берүү жана илим министри Элвира Сариева жаңы ректор Чынара Адамкулованы эмгек жамаатына тааныштырды. Бул туурасында КМУнун маалымат кызматынын жетекчиси Жээнбек Эралиев билдирет.

Жаңы ректор эмгек жамаатынын алдында сүйлөп, алардын ишеничин актоого аракет кыларын айтты. "Биринчиден, аарыңыздарга ыраазычылыгымды билдирем. Экинчиден, силердин ишеничиӊерге чоӊ рахмат айткым келет. Болгон күчүмдү салып, силердин ишеничиӊерди актоого убада берем", — деди Чынара Адамкулова.

Архив: Кыргыз Улуттук Университети - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз Улуттук Университетке ректор дайындала элек
Өкмөт башчынын маалымат катчысы Бакыт Асанов Чынара Адамкулованы аталган окуу жайга ректорлукка дайындоо жөнүндө буйрукка Темир Сариев 11-июнда кол койгонун билдирди.

Былтыр октябрь айында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (КУУ) ректорун шайлоодо эмгек жамаатынын эң көп добушун Улутук илимдер академиясынын вице-президенти Алтай Бөрүбаев (214 добуш), аталган окуу жайдын Кыргыз-Кытай институтунун директору Болот Токтобаев (161) жана КУУнун Кыргыз-Европа факультетинин деканы Чынара Адамкулова (153) алган. Үч талапкер өкмөткө сунушталып, премьер-министр алардын бирөөсүн ректорлукка дайындашы керек болучу, бирок бул маселе талаш-тартыш жаратып, ректору азыркыга чейин дайындалбай келген. 

Кыргыз улуттук университети 1933-жылы түптөлгөн. Учурда Кыргызстандын окуу жайларынын флагманы болгон КУУда 30 миңге жакын студент билим алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0