Ысык-Ата суусуна чөгүп кетти деген 52 жаштагы аял тоодон аман-эсен табылды

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчөдө бара жаткан кемпир. Архив
Көчөдө бара жаткан кемпир. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ысык-Ата курортунан 2-3 чакырым алыстыкта турган ээсиз сарайдын жанынан 52 жаштагы аялды жергиликтүү тургундар оор абалында табышкан.

БИШКЕК, 16-июнь — Sputnik. Ысык-Ата суусуна чөгүп кетти делинген 52 жаштагы аял тоодон аман-эсен табылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Социалдык тармак сайтынын бети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзүнүн ким экенин эстей албаган абышканын баласы социалдык тармак аркылуу табылды
Министрликтен маалымдашкандай,Ысык-Ата районунун Эпкин айылынын  52 жашар тургуну Адырбекованы Ысык-Ата суусуна чөгүп кетиши мүмкүн деген шек менен туугандары 14-июнда ӨКМдин Ысык-Ата райондук бөлүмүнө кайрылышкан. 

Дүйшөмбү күнү, 15-июнда издөө иштерин ӨКМдин Токмок шаардык өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары, туугандары жана айыл тургундары жүргүзүшкөн. 

Кечки саат 9:20 чамасында Ысык-Ата курортунан 2-3 чакырым алыстыкта турган ээсиз сарайдын жанынан ал аялды жергиликтүү тургундар аор абалда таап алышкан. Аны туугандары Кант шаардык ооруканасына жеткиришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0