Кыргызстанда толук кандуу көргөзмө комплексин куруу пландалууда

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКуруу иштери. Архив
Куруу иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Комплекстин жалпы аянты 40 миң чарчы метр келип, баасы болжол менен 50 миллион АКШ долларын түзөт. Ал өзүнө жумшалган чыгымды беш жылдай убакытта акташы күтүлүүдө.

БИШКЕК, 16-июнь — Sputnik. Бишкекте эл аралык деңгээлдеги көргөзмөлөрдү өткөрүү үчүн кесиптик багыттагы имарат куруу пландалып жатканын Соода-өнөр жай палатасынын (СӨП) менеджери Элиза Боталиева билдирди.
Ал Кыргызстанда мындай имарат жоктугун белгиледи.

"Иш-чаралар негизинен көргөзмөлөр үчүн ылайыкташпаган машыгуучу спортзалдарда же Кожомкул атындагы спорт сарайынын фойесинде өтөт", — дейт Боталиева.

Бул долбоор Кыргызстандын ЕАЭБге киришине байланыштуу өзгөчө мааниге ээ. Комплекстин курулушу жакынкы жана алыскы чет мамлекеттердин ири компанияларын тартууга өбөлгө болуп, жергиликтүү ишканалардын ЕАЭБдин бизнес коомчулугу менен кызматташуусун тереңдетүүгө мүмкүндүк берет деп белгиледи Боталиева.

"Имаратта көргөзмө борбору гана эмес, эл аралык жана республикалык деңгээлдеги башка коомдук иш-чараларды өткөрүүчү жайлар да болот. Долбоордун уникалдуулугу ушунда", — деди менеджер.

Кыргыз ишкерлери италиялыктар менен кызматташат
Анын айтымында, Шабдан баатыр жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде курула турган комплекстин бир нече объекти болот: көргөзмө залдар, тогуз миң чарчы метрлик аянтка ээ экспоборбор, ишкер борбору, тийиштүү инфраструктурасы менен 128 номерге эсептелген беш жылдыздуу мейманкана, ошондой эле жер алдындагы унааларды токтотуучу жай. Комплекстин аймагында ири көлөмдөгү көргөзмө техникасын жайгаштыруучу аянтча жана унааларды токтотуучу жай каралган.

"Комплекстин жалпы аянты 40 миң чарчы метр келип, баасы болжол менен 50 миллион АКШ долларын түзөт.  Беш жылдай убакытта сарпталган чыгымды акташы күтүлүүдө ", — деп баса белгиледи Боталиева.

Россия, Кытай, Малайзия жана Түркия мамлекеттеринин инвесторлору долбоорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдиришти. Адис көргөзмөлөр ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоп, көтөрмөлөөнүн натыйжалуу ыкмасы болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0