Күйөрман: Кыргызстан-Австралия оюнунун 10-мүнөтүндө туруп алып, тегиз кол чабабыз

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүФутбол тобу. Архив
Футбол тобу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Демилгечи Турсунбеков оюндун дикторуна мааракелик дата тууралуу стадиондон жар салышын сунуштоону пландаштырууда.

БИШКЕК, 16-июнь — Sputnik. Социалдык тармактардын пайдалануучулары бүгүн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтө турган Кыргызстан-Австралия беттешүүсүнүн 10-мүнөтүндө бардык күйөрмандарды текши туруп кол чабууга үндөшүүдө. 

Адилет Турсунбеков Facebook социалдык тармагында Кыргызстандын курама командасы 100-эл аралык оюн өткөрүп жатканын жазган. 

"Оюндун 10-мүнөтүндө стадиондогу күйөрмандардын баарын бир мүнөт бою катуу кол чаап турууга чакырам. Муну менен биз футболдун көркөмүн арттырабыз. Бөлүшүп, биздикилерди колдойбуз!", — деп жазат Адилет.

Турсунбеков Sputnik агенттигине демилгени достору менен бирге көтөрүп чыкканын билдирди.

"Азырынча бизди жүздөй адам колдоп жатат. Балким, кечке чейин көбөйүп каларбыз. Демилге колдоого алынып кетсе, сонун болмок", — дейт күйөрман.

Кыргызстан-Австралия беттешүү учурунда коопсуздукту милиция кызматкерлери көзөмөлдөйт
Турсунбеков оюндун дикторуна мааракелик дата тууралуу стадиондон жар салышын сунуштоону пландаштырууда.

Беттешүү Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кечки саат сегизде башталат. 

КР курама командасы В тайпасына кирди. Кыргызстандыктар Австралия, Иордания, Тажикстан жана Бангладеш командалары менен ат салышат. Чемпионаттын финалдык бөлүгү 2018-жылы Россияда өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0