Конференция залы. Архив

КР илимпоздору эл аралык рейтингде көп шилтеме берилгендердин катарына кирди

89
(жаңыланган 14:11 16.06.2015)
Эл аралык деңгээлдеги басылма Борбор Азия чөлкөмүнүн ичинен эмгектерине илимий чөйрө көп кызыккан кыргыз окумуштууларын сыйлады.

БИШКЕК, 16-июнь – Sputnik. Алматы шаарындагы Казакстандын Улуттук илимий-техникалык маалымат борборунда Борбор Азия мамлекетиндеги көп шилтеме келтирилген жана Springer академиялык басмаканасынын рейтингдик журналында илимий эмгектери көп басылган авторлор диплом жана байгелерге татыктуу болду. Бул туурасында Улуттук илимдер Академиясынын маалымат кызматы билдирди. 

Сыйлыкка "Геоприбор" илимий-инженердик борбордун директору, УИАнын Геомеханика жана жер казынасын өздөштүрүү институтунун геоэкологиялык мониторингдөө лабораториясынын жетекчисинин орун басары Исакбек Торгоев, Сейсмология институтунун директору Канатбек Абдрахматов, Россия илимдер академиясынын илимий станциясынын Бишкектеги жетектөөчү кызматкери Владислав Баталев Springer боюнча номинацияга татыктуу болушкан.

"Top Springer Author 2015" лауреаттарына дипломдор жана сыйлыктарды Springer Улуттук илимий-техникалык маалымат борборунун президенти Анжелла Тиммерман жана Казакстандын Улуттук илимий-техникалык борборунун президенти Адил Ибраев тапшырды.

Дүйнөлүк илимий чөйрө кызыгып, эмгектерине көп шилтеме жасалган окумуштуулардын бири Канатбек Абдрахматов Springer макалаларды алуу үчүн окумуштуулар тобу бир нече ирет карап чыгат дейт. 

"Ооба, Борбордук Азияда биринчи деп айтышканы жагымдуу болду. Биринчиден, мында менин Кыргызстандагы жер титирөөгө тиешелүү макалаларыма эң көп адам кирип, эң эле көп адам шилтеме жасаптыр. Экинчиден, Москвалык окумуштуу менен авторлоштук кылып чоң монография жазганбыз. Ал буюрса, жылдын аягында чыгат. Springerге чыккан бир макала биздин университеттен же Караколдогу жүз макалага барабар бошу керек деп эсетейм. Себеби алар абдан чоң сыноодон өтөт, эл аралык деңгээлдеги окумуштуулар өздөрүнүн сын-пикирлерин, ойлорун айтып, ар тараптан карап, анан чыгат", — деп айтып берди Sputnik маалымат сайтына окумуштуу Канатбек Абрахматов. 

УИАнын маалыматында Springer компаниясы дүйнө жүзүндөгү илимий басылмалардын ичинен илимдин ар кайсы багытындагы эмгектерди баскан эң улуу жана ири (1842-жылдан тарта) басылма. Аталган басмаканада Нобель сыйлыгынын көптөгөн ээлери басылган. Springer басмасынан чыккан 3065 журналдын 1601 журналы импакт-факторго ээ, Thomson Reuters боюнча индексацияланат, анын ичинен 2247 журналы Scopus боюнча индексацияланат. Springer басмаканасы эл аралык илимий жамаатта да кеңири таанымал: 2013-жылы 120 миллиондон ашык пайдалануучу SpringerLink кирип пайдаланып, 229 миллион жолу 419 миллион документти жүктөп алышкан.

89
Белгилер:
Исакбек Торгоев, Канатбек Абдрахматов, 'Top Springer Author 2015', сыйлык
Тема боюнча
Атамбаев: илим жана билим турган жерде терроризм болбойт
Ниязалиева: кыргыз илиминде жалган окумуштуулардын пайда болушуна жол берилбейт
Президент Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт

Кесипкөйлүгүңүздөр азыр өтө маанилүү. Жапаров дипломаттарды куттуктады

3
Президент бүгүнкү эл аралык татаал кырдаалда дипломаттардын кесипкөйлүгүн, чет элдик өнөктөштөр менен тил табыша билүүсү өтө маанилүү экендигин айткан.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда, дипломатиялык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.

"Өлкөбүздүн тышкы саясат кызматы өзүнүн бай тарыхы менен сыймыктана алат. Кыргыз дипломаттары бүгүнкү күндө улуттук кызыкчылыктарды коргоонун алдыңкы сабында туруп, дүйнөдө тынчтыкты чыңдоого, эң маанилүү глобалдык жана региондук маселелерди чечүүгө салым кошууда. Республикабыздын Тышкы иштер министрлигинин ишмердүүлүгүндө кыргыз дипломаттары жогорку кесипкөйлүгүн жана ата мекенине берилген кызматын далилдешип, улуттук кызыкчылыктарды коргоп, эл аралык аренада КРдин позициясын бекемдөөдө", — деп айтылган куттуктоодо.

Мамлекет башчы мындан сырткары ардагер дипломаттардын эмгегин белгилеген.

"Тышкы иштер кызматынын ардагерлеринин жана кызматкерлеринин мамлекетибиздин калыптанышына кошкон салымы баа жеткис", — деген Жапаров.

Президент бүгүнкү эл аралык татаал кырдаалда дипломаттардын кесипкөйлүгүн, чет элдик өнөктөштөр менен тил табыша билүүсү өтө маанилүү экендигин айткан.

Күн тартибинде тынчтыкты сактоо, стратегиялык стабилдүүлүктү чыңдоо, кризис жана конфликтилерди саясий-дипломатиялык жолдор менен гана чечүү, евразиялык интеграцияга көмөктөшүү маселелери турарын белгилеген. Буга эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө, ошону менен бирге эл аралык уюмдардын алкагында өз ара иштешүүнү кошкон.

Жапаров экономикалык дипломатияны өнүктүрүүнү улантуу керектигин, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү кыргызстандык жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо зарылдыгын айткан.

3
Белгилер:
Кыргызстан, Садыр Жапаров, куттуктоо, дипломат
Кикбоксчу Алексей Федосеев. Архивдик сүрөт

Италиядан кикбоксчулар Федосеев, Бегматов коло, Фозилжанов күмүш медаль алды. Сүрөт

13
Дүйнө чемпионатына Кыргызстандын атынан онго чукул спортчу барган. Азыр үч спортчу медаль алды, анын бирөө Алексей Федосеев.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Кыргызстандык кикбоксчулар Италиянын Лидо шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатында бир күмүш жана эки коло медалга татыды. Бул тууралуу КРдин Кикбокс федерациясынын социалдык тармактагы баракчасы маалымат чыгарды. 

Күмүш байгени К-1 боюнча 63,5 килограмм салмактагылар арасында Икбол Фозилжанов алды.

Ал үч беттешти катары менен камсыздап, финалга чыккан. Анда россиялык Виктор Михайловго калыстардын чечими менен утулуп, экинчи орунга татыган.

Алексей Федосеев "лоу-кик" боюнча 63,5 килограмм салмактагылар арасында ат салышкан. Ал биринчи кармашын утуп, экинчисинде жеңилип калган. Натыйжада ал коло медалга ээ болгон.

Ошондой эле дагы бир кыргызстандык спортчу Чыңгыз Бегматов үчүнчү орунга татыды.

Дүйнө чемпионатына Кыргызстандын атынан онго чукул спортчу барган.

13
Белгилер:
Кыргызстан, Италия, Алексей Федосеев, кикбоксинг, спорт, дүйнө чемпионаты
Тема боюнча
Бишкекте Жапаровдун тапшырмасы менен балбан кыздарга спорттук зал курулат