Эл аралык олимпиада комитетинин жетекчиси Кыргызстанга келет

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүЭл аралык олимпиада комитетинин жетекчиси Кыргызстанга келет
Эл аралык олимпиада комитетинин жетекчиси Кыргызстанга келет - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Делегацияны президент Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусу күтүлүүдө.

БИШКЕК, 16-июнь — Sputnik. Эл аралык олимпиада комитетинин (ЭОК) жетекчиси Томас Бах Кыргызстанга келе турганын Мамлекеттик дене тарбия жана спорт комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандын олимпиадалык курама тайпасы Сочиде. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты, ишкер Улуттук олимпиада комитетин жетектеди
ЭОК президенти Бишкекке шейшемби күнү Борбордук Азияга болгон иш сапарынын алкагында келет. Томас Бах менен бирге улуттук олимпиадалык комитеттер ассоциациясынын президенти, Азия олимпиада кеңешинин төрагасы Шейх Ахмад Аль Сабахтын да келиши күтүлүүдө.

Делегация президент Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда болот. Мындан тышкары, кечинде КР Улуттук олимпиада комитетинин кеңсесинде УОК президенти Шаршенбек Абдыкеримов жана Мамлекеттик дене тарбия жана спорт комитетинин директору Кадырбек Эргешов менен жолугушуу өтөт.

Маалыматка ылайык, меймандар УОК музейинин ачылышына катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0