Эксперт: ЖОЖдорду реформалоодон мурун мектептерге көңүл бурулушу керек

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүСабакта отурган окуучулар. Архив
Сабакта отурган окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Укук коргоочу Анара Дауталиева Кыргызстандагы жогорку билим учурда өз баалуулугун жоготту деп эсептейт. Студенттер диплом үчүн беш жылдык өмүрүн сарптаганы менен, кийин ал жөн гана кагаз катары кабыл алынууда.

БИШКЕК, 16-июнь — Sputnik. Жогорку билим берүүнүн жалпы стандарттары түзүлүп, ЖОЖдорго өтүүдө чектөөлөр киргизилиши керектигин Sputnik агенттигине эксперттер билдиришти.

Сынак тапшырып аткан окуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жалпы республикалык тестирлөөдөн 110 упайдан кем алгандар ЖОЖго өтпөйт
Премьер-министр Темир Сариев дүйшөмбү күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жаңы дайындалган ректору Чынара Адамкулова менен жолугушуп, аталган окуу жай реформалоого муктаж экенин белгилеген.

Sputnik агенттигинин кабарчысы эксперттерден мамлекеттеги жогорку билим берүү системасын кантип жакшы жагына өзгөртүүгө болорун сурап көрдү.

Кыргыз-Орус славян университетинин эл аралык журналистика кафедрасынын башчысы Александр Кацев Sputnik агенттигине Кыргызстанда билим берүү системасынын жалпы стандарттары иштелип чыга электигин билдирди.

"Бизде билим берүүнүн 5-6 системасы иштейт – россиялык, америкалык, түрк ж.б. Анын ар биринин өзүнүн стандарттары жана баалоосу бар. Бул баш аламандыкты жаратууда", — дейт Кацев.

Профессордун пикиринде, жогорку окуу жайлардын баарын бирдей стандартка алып келүү керек.

Укук коргоочу Анара Дауталиева Кыргызстандагы жогорку билим учурда өз баалуулугун жоготту деп эсептейт. Анын айтымында, студенттер диплом алыш үчүн беш жылдык өмүрүн сарптаганы менен, кийин ал жөн гана кагаз катары кабыл алынууда.

"Биздин университеттер тестирлөөдөн 110дон кем балл алган абитуриенттерди кабыл алууга даяр. Бул керек болсо "эки" да эмес, бул "бир" деген баа. Кандайдыр бир бирдиктүү талаптар киргизилиши кажет, мисалы, 130дан аз балл алдыңбы – университеттин босогосун аттай албайсың, техникумга тапшыр деген сыяктуу", — дейт Дауталиева.

Укук коргоочу ЖОЖго өтүүнү чектөө жөндөмдүү абитуриенттерди тандап алууга мүмкүндүк берип, мектеп окуучуларынын алган билимине олуттуу көңүл буруусун шарттай турганын кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0