Акын, журналист Мирлан Самыйкожо атка минер болду

© Фото / Ринат МурзаевМирлан Самыйкожо. Архив
Мирлан Самыйкожо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Мирлан Самыйкожо "Кыргыз радиосун" жетектеп келген

БИШКЕК, 16-июнь — Sputnik. "Кыргыз радиосунун" редактору, акын, алып баруучу Мирлан Самыйкожо Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин искусствону жана кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка министр Алтынбек Максутов 2015-жылдын 16-июнунда кол койгонун аталган мекеменин маалымат кызматы билдирет.

Мирлан Самыйкожо коомчулукка акын, журналист, Кыргызстан жазуучулар союзунун катчысы катары белгилүү. 

Жаңы жетекчини эмгек жамаатына Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов тааныштырды.

"Иштей турган чөйрө мага жат эмес. Ушул убакка чейин чыгармачылык менен алпурушуп келгем. Пландар көп. Аларды ишке ашырууга болгон аракетимди жумшайм", — дейт Самыйкожо.

Үстүбүздөгү жылдын 11-майында Искусствону жана кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Болот Осмонов премьер-министрдин буйругу менен Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук опера жана балет театрынын директорлугуна дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0