Өлкө башчысы Атамбаев ЭОК президентин кабыл алды

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Кыргызстана Алмазбек Атамбаев. Архивное фото
Президент Кыргызстана Алмазбек Атамбаев. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушуу соңунда ЭОК президенти Томас Бах Алмазбек Атамбаевге комитеттин Пьер де Кубертен атындагы медалын тапшырды.

БИШКЕК, 17-июнь — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Эл аралык олимпиада комитетинин президенти Томас Бахты жана Улуттук олимпиада комитеттер ассоциациясынын президенти жана Азия олимпиада кеңешинин төрагасы шейх Ахмад Аль-Сабахты кабыл алганын өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирет.

Эл аралык олимпиада комитетинин жетекчиси Кыргызстанга келет
ЭОК президенти Бишкекке шейшемби күнү Борбордук Азияга болгон иш сапарынын алкагында келди. Томас Бах менен бирге улуттук олимпиадалык комитеттер ассоциациясынын президенти, Азия олимпиада кеңешинин төрагасы Шейх Ахмад Аль Сабах да келген.

Жолугушуу учурунда Кыргызстандагы спорттун олимпиадалык түрлөрү талкууга алынып, Эл аралык олимпиада комитети жана Азия олимпиада кеңеши менен Улуттук олимпиада комитетинин ортосундагы кызматташуу маселелери каралды.

Президент Атамбаев Жалпы улуттук саламаттыгы жана кийинки муундун ден соолукта өсүшү үчүн спорттун мааниси зор экенин белгиледи.

"Кыргызстанда өзгөчө жаштар арасында, спортко болгон кызыгуунун артып жатканы кубандырат. Акыркы кезде спорттун массалык түрү кеңири жайылууда. Бул мамлекеттин жана коомдун өнүгүшү үчүн абдан зарыл нерсе", — деди өлкө башчысы.

Президент Томас Бах менен Ахмад Аль-Сабахка Кыргызстандагы спортту өнүктүрүүдө, кыргыз спортчулардын чеберчилигин арттырууда көрсөтүлүп жаткан колдоо үчүн ыраазычылык билдирди. 

Жолугушуу соңунда ЭОК президенти Томас Бах Алмазбек Атамбаевге комитеттин Пьер де Кубертен атындагы медалын тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0