Кыргызстан-Австралиянын футбол боюнча беттешүүсү

Футболдун начар уюштурулгандыгына нааразы болгон күйөрмандар сотко берүү ниетинде

146
(жаңыланган 13:44 17.06.2015)
Бишкектик күйөрман кыз эл бөтөлкөнү эч кимге ыргытпаганын, анткен менен аны уюштуруучулардын башына багыттагысы келгенин, футболго кирбей калгандар үмүтүн үзүп үйүнө кайткандыгын айтты.

БИШКЕК, 16-июнь — Sputnik. Колунда билети болсо да, Кыргызстан менен Австралиянын футбол боюнча беттешүүсүнө көп кишилер кире албай калды деп билдирди Динара Исраилова. 

Анын айтымында, колунда билети туруп кире албай калгандар көп болду, себеби аларды эшик тоскондор киргизбей коюшту. Жаалданган топ ал тургай дарбазаны талкалап салууга даяр болчу.

"Стадиондун кире беришинде билети барларды да, жокторду да киргизип жатышты. Андан соң дарбазаны жаап салышты. Буга ачууланган ашуун адам кайтаргандарды таш менен урушту. Бул мелдеш башталгандан бир сааттан кийин болду. Уюштуруучулар билетти стадионго болгон орундан көп сатышкан окшойт", — деди Исраилова.

Бишкектик Жибек Алтынбекова стадионго саат алтыда келсе да, матчка кире албай, кечки тогузга чейин стадиондун сыртында күтүп туруп, үмүтү үзүлгөндөн кийин үйүнө кайткан. 

"Эрте келгендер азыраак болуп, көпчүлүгү иштен кийин стадиондун кире беришинен 10-15тен билет алышты. Чыгыш тарапта колундагы билети менен 200-300 турду. Бир бала 20 билет сатып алыптыр, бирок ал да өтө алган жок. Андан сырткары, кирип жаткандар жөөлөшүп, кичинекей балдарга караган да эч ким болгон жок", — деди Алтынбекова. 

Ал бөтөлкөнү эч ким ыргытпаганын, анткен менен, аны уюштуруучулардын башына багыттагысы келгенин, футболго кирбей калгандар үмүтүн үзүп үйүнө кайткандыгын айтты. 

"Күйөрмандар чатырга чыгып, биотулаеттерди кыйшатып салышты. Мамлекеттик агенттиктин жана анын күзөтү алгач билеттердин жасалма эместигин текшерип, анан киргизе тургандыгын айтышты. Анткен менен, алардын тааныштары гана киришти. Мунун себебин орундардын аздыгы менен байланыштырышты, бирок стадиондун бардык орундары толгон жок. Биз сааттап күтүп турганда билети жоктор орундарыбызды ээлеп кетишиптир", — деди ал. 

Анын айтымында, көптөр Кыргызстандын Футбол Федерациясы менен уюштуруучулардан билеттердин акчасын кайра кайтарып берүүнү талап кылып, сотко беришерин билдиришкен. 

Кыргызстан-Австралия беттеши Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондогу 2018-жылы боло турчу дүйнө чемпионатына тандоо турларынын алкагында өттү. Жыйынтык 1:2 болуп, австралиялыктардын пайдасына чечилди. 

Эки оюндан кийин азыр Кыргызстанда үч упай топтолду, эми алар Тажикстан менен Иорданиянын курама командалары менен ойномокчу.

146
Белгилер:
билет, Кыргызстандын футбол федерациясы, Динара Исраилова
Тема:
Кыргызстан – Австралия беттеши (27)
Тема боюнча
Кыргызстан-Австралия беттешүүсүнүн мыкты ирмемдери
Кыргызстанды Австралия 1:2 эсебинде жеңип алды
Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эркин Сазыков. Архив

Сазыков: учурда 230 миңден ашуун адам салыкты онлайт төлөп жатат

7
(жаңыланган 16:26 25.02.2021)
Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эркин Сазыков бирдиктүү салык декларациясын юридикалык жактар 1-мартка чейин тапшырышы зарыл деди.

Салык төлөөдөгү, декларация толтуруудагы электрондук кызматтарды онлайн колдонуу ыңгайлуу жана акысыз. Бул тууралуу Эркин Сазыков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Сазыков: учурда 230 миңден ашуун адам салыкты онлайт төлөп жатат

Анын айтымында, быйыл жеке жактар салык декларациясын 2019-2020-жылдарга тапшырат.

"Азыркы убакта 230 миңден ашык салык төлөөчү электрондук форматка өткөн. Бул жарандардын өзү үчүн эле ыңгайлуу болот. Биринчиден, убактысы үнөмдөлөт жана 24 саат ичинде өзү каалаган учурда кызматтан пайдалануу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Экинчиден, азыркы эпидемиологиялык абалда коопсуздукту камсыздайт. Ошондой эле бул таптакыр акысыз көрсөтүлүүчү кызмат. Анан да анда электрондук эсептегичтер болуп, программа өзү жардам берет. Электрондук кызматтардан колдонуу үчүн болгону бир ирет тиешелүү мекемеге келип, логин алып, сыр сөзүн бекитип, https://salyk.kg/ сайтынан жеке кабинетке ээ болот", — деди Сазыков.

Ал жеке жактар бирдиктүү салык декларациясын 1-апрелге чейин тапшыруу зарылдыгын кошумчалады.

7
Белгилер:
онлайн, салык, декларация, Эркин Сазыков
Тема боюнча
Бирдиктүү салык декларациясы түн ортосуна чейин кабыл алына баштады
Офистеги аял. Архив

Бишкекте кайсы мектептин директору кызматында 20 жылдан ашык отурат? Тизме

379
(жаңыланган 15:07 25.02.2021)
Ордо калаадагы мектеп жетекчилеринин ичинен билим берүү жайын 15 жылдан ашык башкарып келе жаткандар аз эмес. Муниципалдык мектептер боюнча маалыматты материалдан окуңуздар.

Буга чейин билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Кыргызстанда мектеп директорлорун ректорлор сыяктуу эле беш жылга шайлоо механизмин киргизүү боюнча эксперттик топ иштеп жатканын айткан.

Билим уясын жетектей турган адамды кандай жол менен тандашары азырынча белгисиз. Министр буга чейин мектеп директорлору боюнча көптөгөн суроолор келип жатканын айткан.

Председатель регионального института Центральной Азии Алмазбек Бейшеналиев
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев
"Өлкөдө жашы 70-80ге таяп калган жүздөгөн директор бар. Кээ бирлери ондогон жылдардан бери иштеп, өз каалоосу менен креслосун тапшыргылары келбейт. Себеби бул мамлекеттик кызмат катары эсептелбегендиктен чектөө жок. Коррупциялык схемалар бар, жаңылануу жок. Ошол эле учурда алардын арасында мыкты иштеп жаткандары дагы бар", — деди Бейшеналиев.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Бишкек шаарындагы мектеп жетекчилеринин тизмесин Шаардык билим берүү башкармалыгынан алып, буга чейин даярдалган макала менен ачык булактарда жазылган маалыматтарды кошуп таблица түздү.

Анда мектеп жетекчилеринин жаш курагы, канча жылдан бери билим берүү мекемесин башкарып келе жаткандыгы тууралуу жазылган.

Мектепти азыр башкарып жаткан жетекчилердин арасында Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, БШК мүчөсү, Бишкектин мурдагы вице-мэри жана башка муниципалитеттин аткаминерлери бар.

Бир эле билим берүү жайын 20 жылдан ашык башкарып келе жаткан жетекчилердин катарында №7 мектептин директору Чолпон Бердалиев, №10 мектептин директору Кулжан Үмөталиева, №20 окуу-тарбия комплексин башкарган Чолпон Кудайбергенова, №23 мектеп-гимназиясынын директору Андрей Ситоленко, №27 орто мектебинин жетекчиси Бермет Носинова, №31 мектеп-гимназиясынын жетекчиси Тажыбүбү Өмүрзакова, №34 жардамчы мектебин башкарган Гүлизат Карасартова, №51 орто мектебин жетектеген Суусар Мураталиева бар.

Мындан сырткары, №59 мектептин директору Маргарита Ситникова, №61 физика-математикалык мектеп-лицейинин директору Юрий Низовский, №66 окуу-тарбия комплексинин жетекчиси Минара Якупова, №67 окуу тарбия комплексинин жетекчиси Светлана Керимкулова, №68 окуу-тарбия комплексинин директору Канымжан Өмүрова, №73 орто мектебин жетектеген Раушан Ниязбеков, №74 мектеп-лицейинин директору Гүлжан Абдуллаева, №1 гимназия-интернатын жетектеген Нуркалый Байматов жана №7 жумушчу жаштар мектебинин директору Назгүл Көөдөковалар 20 жылдан бери иштеп келишет.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекованын айтымында, директорлорду дайындоо боюнча азыркы механизм коррупциялык тобокелчиликке алып келет.

Заместитель министра образования КР Надира Джусупбекова во время интервью корреспонденту Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова
"Билим берүү деңгээлин жогорулатуу үчүн ар бир мектепке компетенттүү директор керек. Азыр мектеп жетекчилерин дайындоо иштери менен билим берүү бөлүмдөрү иш алып барат. Өкмөттүн токтомуна ылайык, 2014-жылдан бери мектеп жетекчилери келишимди узартуу мүмкүнчүлүгү менен 5 жылга дайындалышат. Көпчүлүк директорлор 2014-жылга чейин шашылыш эмес келишимдерди түзүшкөн. Ошол себептен билим берүү башкармалыктары жана райондук бөлүмдөр алар менен келишимдерди токтотуп кое алышпайт. Азыр биз директорлор жетекчилик кызматка келиши үчүн тесттен өткүдөй жобону иштеп жатабыз. Мектеп жетекчилеринин жаш курагы жана иштөө мөөнөтү боюнча дискриминацияга каршыбыз. Бирок коррупциялык тобокелчиликти жокко чыгарган так механизмди киргизүүгө убакыт келди", — деди Жусупбекова.

Ал мектеп директорлорун баалоо критерийлери менен жумушка алуу же иштен кетирүү боюнча жаңы механизм быйылкы окуу жылында ишке кирет деген ишеничин кошумчалады.

379
Белгилер:
кызмат, жетекчи, мектеп, билим берүү, Бишкек
Тема боюнча
Сайназаров: мектеп директорлорун тандоодо үч багытка көңүл буруу зарыл
Россия рубли. Архив

Россия Кыргызстанга экономиканы көмүскөдөн чыгарууга 623 млн. сом берет

0
(жаңыланган 16:39 25.02.2021)
Кыргыз өкмөтү 2019-жылы жардам сурап кайрылган. Бул боюнча тийиштүү документтер даярдалып, президент Садыр Жапаровдун сапарынын алкагында келишимге кол коюлду.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Россия техникалык жардам катары Кыргызстанга товарларды маркировкалоо системасын түзүү үчүн 623 миллион рублга идентификациялоо жабдууларын алып берет. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Өнөр жай жана соода министрлигинин сайтында маалымдалат.

Билдирүүгө ылайык, кыргыз өкмөтү 2019-жылы жардам сурап кайрылган. Бул боюнча тийиштүү документтер даярдалып, президент Садыр Жапаровдун сапарынын алкагында өкмөттөр аралык келишимге кол коюлду.

Өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров Россияда бул система ийгиликтүү иштеп жатканын белгилеген.

"Бул бюджетке кошумча салыктардын түшүшүн, рыноктун тазалыгын камсыздап жана ак ниет өндүрүшчүлөрдүн көмүскө сегменттин атаандаштыгынан коркпой рынокко чыгышына шарт түзөт. Ал эми керектөөчүлөр үчүн сапаттуу жана ден соолукка коопсуз товар алууга, келечекте ЕАЭБдин аймагындагы бардык товарды бирдиктүү система менен текшерүүгө мүмкүнчүлүк жаралат", — деди министр.

Ал эми Кыргызстандын экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков бул макулдашуу эки тараптуу байланыштарды жандандырууга маанилүү кадам болоруна ишеним артты.

Аталган системаны түзүүгө 1,5 жыл убакыт кетет. Бул жумуштарды Россиянын Өнөр жай жана соода министрлиги мамлекеттик келишимдер аркылуу аткарат.

0
Белгилер:
Улукбек Кармышаков, товар, жардам, Россия, Кыргызстан
Тема:
Садыр Жапаровдун Россияга сапары
Тема боюнча
Россия Кыргызстанга кайтарымсыз 5,2 млн. доллар бөлдү
Садыр Жапаров Россияга барганда Евразия фондунан 100 млн. доллар кредит сурайт