Кыргызстанда KfW бюросу ачылат

© Фото / Trine JuelГермания желеги. Архив
Германия желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Германия менен Кыргызстандын дипломатиялык мамилелери түзүлгөндөн тарта аталган өлкө кыргыз өкмөтүнө 190 миллион доллар көлөмүндө жардам көрсөткөн.

БИШКЕК, 17-июнь — Sputnik. Кыргыз Республикасы жана Германия федеративдик республикасынын өкмөттөрү тарабынан жергиликтүү KfW (Экономиканы калыбына келтирүү боюнча кредиттик институт) бюросун түзүү боюнча макулдашууга кол коюлганын Каржы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, KfW өз алдынча бюросунун ачылышы Кыргызстандын социалдык секторундагы маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө болот. 

"Өзгөчө басым саламаттык сактоо тармагына жасалат. Мында Германия өкмөтү дал ушул бюро аркылуу каржылык колдоо көрсөтөт", — деп айтылат билдирүүдө. 

Германия менен Кыргызстандын дипломатиялык мамилелери түзүлгөндөн тарта аталган өлкө кыргыз өкмөтүнө 190 миллион долларлык жардам көрсөткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0