Сариев: Санарипке өтүү — мамлекеттин приоритеттүү милдети

Жазылуу
Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарынын 43 пайыз калкына жеткиликтүү болгон экинчи мультиплекс ишке киргизилип, анда Россиянын ОРТ жана Россия-Планета телеканалдары ачык форматта көрсөтүлөт.

БИШКЕК, 17-июнь — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев "Телеберүү толкундарын таратуучу республикалык өндүрүштүк бирикме" (ТТТРӨБ) ААКда болуп, телерадиоберүүнү санарипке өткөрүү Программасы боюнча иштердин жүрүшү менен таанышты.

Премьер КТРК жана ЭлТР телеканалдары эфирге чыгуучу жаңы спутник комплексин көрдү деп өкмөттүн маалымат кызматы билдирет. Аталган спутник 70,5 градус бийиктикте жайгашып, 14 өлкөгө ишенимдүү сигнал жеткире алат. 

Останкин телевизиондук комплекстин монтаж кылуучу бөлмөдөгү кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россия каналдарынын берүүлөрү үзгүлтүккө учурабайт
Мындан тышкары, Сариев биринчи мультиплекске кирген телеканалдардын Социалдык пакети жайгашкан жабдыктарды жана санариптик өткөргүчтөрдүн картасын көрдү.

КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги (ММТМ) тарабынан түзүлгөн социалдык пакетке азыркы учурда 8 канал — КТРК, ЭлТР, 5-канал, Мир, Пирамида, Баластан, Маданият жана бир облустук канал кирет. КР президентинин жана КР өкмөтүнүн аппаратынын тапшырмасы менен аталган министрлик КР өкмөтүнүн токтомуна дагы 4 каналды — Спорт (КТРК), Музыка (КТРК), Ден соолук (Здоровье) (ЭлТР) жана ОшТВ телеканалдарын кошуу тууралуу өзгөртүү киргизүүдө.

Ошондой эле "ТТТРӨБ" ААКда Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарынын 43 пайыз калкына жеткиликтүү болгон экинчи мультиплекс ишке киргизилип, анда Россиянын ОРТ жана Россия-Планета телеканалдары ачык форматта көрсөтүлөт.

"Өлкөнү санариптик телеберүүгө өткөрүү — КР Конституциясы менен кепилденген маалымат коопсуздугун жана жарандардын маалымат алуусунун жеткиликтүүлүгүн камсыздоосу боюнча мамлекеттин приоритеттүү милдеттеринин бири", — деди премьер-министр.

ЭлТР" санариптик ТВга өтүүгө өз эсебинен 5 млн сом бөлдү
ММТМ билдиргендей, мамлекеттик буюртманын алкагында даярдалган жалпы узактыгы 2587 мүнөткө барабар (43 саат, 11 мүнөт) кыргыз жана орус тилдеринде 84 телепрограмма, 6 документалдык фильм, 37 социалдык ролик, 16 ток-шоу башталды. 

Мындан сырткары, Социалдык пакетке кирген 7 талеканал тарабынан 2015-жылы соцпакетте катышуу келишимине ылайык, жалпы көлөмү 105 сааттык контент, облустук ТРКлар тарабынан жалпы 52,5 сааттык контент өндүрүлөт. Жыйынтыгында бул жылы 200 саат көлөмүндөгү улуттук аудиовизуалдык продукция өндүрүлөт.

"Санарипти жандыр!" урааны алдында Кыргызстанда санарипке өтүү жаатында калк үчүн улуттук маалымат кампаниясы улантылып жатат. Анын алкагында аудио жана видео роликтер көргөзүлүп, www.sanarip.kg расмий сайты жана 1212 тынымсыз  телефондук байланышы иштеп жатат. 

Аталган кампаниянын негизги мааниси — калктын DVB-T2 MPEG4 стандартындагы ресиверлерин же ушундай стандарттагы орнотулган тюнери бар сыналгыларды өз убагында сатып алуусунда.

Жаңылыктар түрмөгү
0