БИШКЕК, 17-июнь – Sputnik. Шейшемби күнү өткөн Кыргызстан менен Австралиянын футболдук беттешине баштан-аяк көз салган президент Алмазбек Атамбаев эл аралык футбол таймашын уюштуруудагы кемчиликтерге ачууланды. Бул туурасында президенттин басма сөз катчысы Жанар Акаев Sputnik маалымат сайтына билдирет.
"Биздин футболчулардын чеберчилигине жана Азия чемпиондорунан жазганбай ойногонуна өлкө башчысы ыраазы болду. Он миңдеген күйөрмандардын шыктандырып, туш-туштан колдогонуна кубанып, Кыргызстанда өз мекенин урматтоо сезими артып жатканын белгиледи. Ошону менен катар эле президент билет сатып алып, бирок стадионго кире албай калган футбол күйөрмандары көп болгонуна, стадиондогу уюштуруу иштеринин начардыгына ачууланды. Алмазбек Атамбаев бул кемчиликтерди тез арада жоюу боюнча, стадиондун жетекчилигине жана башка уюштуруучуларга тиешелүү чараларды көрүү боюнча өкмөт башчысы Темир Сариев менен сүйлөштү", — деп билдирди Акаев.
Ал борбордук стадионду эл аралык стандарттарга ылайыктоо жагын кароо өкмөткө сунушталганын, бирок кандай шартта болбосун, футбол таймашын уюштурууда катачылыктарга жол берилбеши керектигин айтты.
"Буга байланыштуу стадион жетекчилигине жана башка уюштуруучуларга сөзсүз чара көрүлөт", — деп кошумчалады президенттин басма сөз катчысы.
16-июнда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн Кыргызстан – Австралия командаларынын футбол боюнча мелдешүүсүнө уюштуруунун начардыгынан билети колунда туруп жергиликтүү жана австралиялык күйөрмандар кире албай калган.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Эртең Бишкектин бир районунда суу болбойт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Бишкектин "Ак-Босого-1", "Ак-Босого-2" суу тосмолорун оңдоо жана шаардык суу түтүктөрү тармагын жазга карата даярдоонун алкагында айрым көчөлөрдө суу токтойт.
"Эртең, 2-мартта, саат 09:00дөн кечки 18:00гө чейин Ак-Босого конушунда жана райондогу Сары-Челек, Нурек, Андижан жана Бухара көчөлөрүндө ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Ошондой эле №81 мектепте, №2 "Алтынай" балдар бакчасында, №14 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда, №15 милиция пунктунда жана №16 муниципалдык аймагында убактылуу суу жок болот", — деп айтылат маалыматта.
Конуш тургундары, социалдык мекемелердин баары жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан кошумча эскертилери белгиленди.
Шаар бийлиги ичүүчү сууга байланышкан бардык маселелер боюнча 1533 бирдиктүү маалымат борборуна жана мэрияда үзгүлтүксүз иштеп жаткан 1840, 1850 номерлерине кайрылууга болорун айтты. Ал эми көйгөй боюнча сүрөт, видео материалдарды 0554 182-185 WhatsApp номерине салууга болот.
Кыргызстандагы эң кымбат университет болуп АУЦА эсептелет. Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, жылына орто эсеп менен студент 482 400 сом төлөйт.
Экинчи сапта Медицинанын эл аралык жогорку мектеби. Бул жерде жалаң гана чет элдиктер билим алышат. Студент жылына 210 000 сом төлөйт.
Салымбеков атындагы университетте бир жылдык окуу акысы жергиликтүү студенттер үчүн 75 миң, чет элдиктерге 165 миң сомго жетет.
Эл аралык медицина университетинин окуу акысы жеткиликтүүрөөк. Анда кыргызстандыктар жылына 93 миң, чет элдиктер 151 миң сом төлөшөт.
Кымбаттыгы боюнча алдыңкы беш сапка кирген окуу жайлардын катарында "Ала-Тоо" эл аралык университети бар. Жергиликтүүлөр үчүн жылына 80 миң сом болсо, чет элдиктер 173 миң сом төлөшү керек.