Жогорку кенеш. Архивное фото

Депутаттар 25-мартты парламентаризм күнү деп белгилөөнү сунуштап жатышат

36
(жаңыланган 15:37 18.06.2015)
Жума күнү окумуштуулар жана депутаттар парламентаризм күнүн белгилөөнү, деги эле, Кыргызстанда парламентаризмдин башталыш тарыхын аныктоо үчүн чогулуп, талкуу өткөрөт.

БИШКЕК, 18-июнь — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары 25-мартты парламентаризм күнү деп белгилөө демилгесин көтөрүп келет. Бул боюнча 19-июнда коомчулук парламенттин токтом долбоорун талкуулайт деп билдирди ЖКнын маалымат кызматы.

Аталган токтом долбоору Жогорку Кенештин Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетинде, кийинчерээк Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинде каралып жактырылган. 

"1925-жылы 25-мартта Кара Кыргыз автономиялуу республикасынын өкүлдөрүнүн биринчи съезди өткөн. ОШон үчүн дал ушул күн  алынды", — деди ЖКнын Регламент жана депутаттык этика боюнча комитетин жетекчиси Айнуру Алтыбаева Sputnik маалымат агенттигине.

Бирок сунушталып жаткан күн (1925-жылдын 25-марты) айрым талаш-тартыштарды жараткандыктан, республикадагы белгилүү тарыхчылар менен укук таануучулардын маалыматтарын жана кеңештерин угуу максатка ылайыктуу деп табылган. Бүгүнкү талкууга ЖК депутаттарынан сырткары, тарых, укук жана саясат жаатындагы илимий адистердин катышуусу күтүлүүдө.

36
Белгилер:
Кара Кыргыз автономиялуу облусу, Айнуру Алтыбаева, талкуу, парламентаризм, депутаттар
Тема боюнча
Пан Ги Мунга Жогорку Кеңеш жөнүндө фильм көрсөтүштү
Ыйлаган аял. Иллюстративдик сүрөт

Ажырашкандан корком... Төрөй албай жүргөн келиндин арманы

6
(жаңыланган 16:12 23.10.2021)
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына балалуу боло албай, жолдошу менен ажырашуудан корккон келин кат жазган.

Саламатсыздарбы, мен да көйгөйүмдү айтып сиздерге кат жазып көрүүнү чечтим. Турмушка чыкканыма он жылдан ашты. Баары жетиштүү. Бишкекте жакшынакай үйүбүз, машинабыз жана жолдошум экөөбүздүн жеке бизнесибиз бар. Кыскасы, материалдык жактан көйгөйүбүз жок. Ушул кезге чейин мамилебиз да сонун. Экөөбүз тең бири-бирибизди жакшы көрөбүз. Күйөөм да келишимдүү жигит.

Бирок такыр бала жытын жыттай албай койдук. Биздин эң чоң арманыбыз ушул. Он жылга чейин ойноп-күлүп эле "бүгүн болбосо эртең болор" деп келгенбиз. Азыр баш кошконубузга 13 жылдын жүзү болду. Жашыбыз да 35ке келип калды. Кайнене, кайнежемдер да бетиме айта албаганы менен оңтою келген жерден эле жолдошумду кысмакка алып киришкенин байкап жүрөм. Алар да бир тууганына кыжалат болуп жатышат. Кайненеме да оңой эмес. Мен үчүн мунун баары азап болду.

Күйөөм ушуга чейин жакындарынын сөзүнө моюн бербей, бир сөз менен эле эжелеринин оозун жаап койчу. Бирок азыр анын да сөзү кыска болуп бара жаткандай. Кебелбегени менен ал да ичинен санаа тартканын байкайм. Байкушум мени аяп билгизбейт.

Айылдагы кайнимдин төрт баласы бар. Аларды көргөндө күйөөм эзилип эркелетет. Каалаганын алып берип, тимеле көздөрү жайнайт. Аны көрүп күнөөлүүдөй жаман болом. Акыркы кезде ичимден өзүмдү өзүм жеп жашап калдым. Бирок жолдошум бир да жолу "сен төрөбөйсүң" деп айткан жок. Дарыгерлер суук тийген дешет. Канча жылдан бери дарыланып барбаган жерим да калган жок. Бир-эки жолу боюма бүтүп, бирок ал сүйүнүчүбүз да көпкө узабады.

Эми азыр жолдошума уруксат берип эле ажырашып кетүүнү ойлонуп жатам. Бирок кантип? Мен да жолдошумду жакшы көрөм. "Бала багып алалы" десем, бирөөнүн наристесине мээрим төгө албай калсакчы деп коркобуз. Чынын айтсам ажырашуудан корком...

Гүлнара Жасоолова, психолог

— Үй-бүлөнүн маңызы балада экени жана аны тарбиялап өстүрүп, коомго кошуу ата-эненин милдетине кирери анык. Бирок жашоодо ар кандай учурлар болот. Жубайлардын балалуу боло албай жатышы, албетте, көйгөйлүү маселе. Мында бир гана аялзаты эмес, эркек киши да ден соолугун карашы керек.

Сиздерде наристелүү боло албай жатканыңыздардын негизги түйүнү медициналык жактан окшойт. Боюңузда болуп, кайра түшүп калып жатканын жазыпсыз. Демек, жакшылап дарылансаңыздар эле баары сонун болот го деп ойлойм. Азыр балалуу болуунун жасалма уруктандыруу ыкмалары да өнүккөн. Ошондой эле бала багып алууга мамлекеттик деңгээлдеги программалар ишке кирген. Бул жагын да байкаңыз. Эгер бала багууга психологиялык жактан даяр эмес болуп жатсаңыз, ага да көп убакыт керектигин айткым келет. Мүмкүн психолог менен иштешерсиз.

Күйөөңүз кайниңиздин балдарын эзилип эркелетерин жазыптырсыз. Бул турган иш да. Анткени бардык адамдар баланы жакшы көрөт, тукум улагысы келет. Муну өзүңүзгө жакын албаңыз.

Албетте, арадан 13 жыл убакыт өтүп кетиптир, бирок 35 жаш балалуу болууга али кеч эмес. "Болду, балалуу болбой калдык, ажырашабыз го" деген ойду мээңизден алып салыңыз. Эч качан өзүңүздү таштабашыңыз керек. Мында ар кандай негатив ойлор жарала берип, адам психосоматикага дуушар болот. Анан утурумдук эле жашап жаткансып, эртең ажырашчудай сезим боло берет. Ушундан улам да ортодо түшүнбөстүктөр жаралат. Ошол себептен ойду жана аң-сезимди туура жолго багыттап алып, анан мыкты дарыгерлерге жакшылап көрүнгүлө деген кеңеш берем.

6
Белгилер:
аял, күйөө, психолог, бала, медицина, ата-эне, ажырашуу
Тема:
Психолог менен баарлашуу
Тема боюнча
Кайненем сеп талап кылып, эжемден үй талашууга мажбурмун. Келиндин каты
Кайнатамдын майдачыл, эзмелигинен тажадым. Келиндин даты
Президент Садыр Жапаров журналисттер менен болгон маалымат жыйында

ТЭЦ кум аралаш көмүр жаккан. Жапаров Кара-Кечедеги коррупция, саботаж тууралуу

58
(жаңыланган 15:00 23.10.2021)
Жапаров жай бою бул мафия менен күрөш жүргөнүн, учурда ТЭЦке таза көмүр жагылып жатканын айтты. Жакынкы убакытта техникаларды бүлүндүргөн диверсанттар чыкканын да ачыктады.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Кара-Кечедегилер кум аралаш көмүрлөрдү сатып, коррупциялык схема түзүп алганы аныкталды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров журналисттер менен болгон маалымат жыйында билдирди.

Өлкө башчы быйыл кышка даярдык жакшы экенин жана көмүрдүн баасын көзөмөлгө алуу боюнча тапшырма бергенин белгиледи.

"Кара-Кече ишин кеч баштады, ачыгын айтышыбыз керек, себеби саботаж болуп атты. Ал жакта көмүрдөн ичип-жеп жүргөн аткаминерлер камалды. Булар коррупциялык схема түзүп алышыптыр. Ар кайсы жерде филиалдары бар. Маселен, бир филиалына 20 тонна көмүр түштү деп кагазга жаздырып, акчасын бөлүп алышат, бирок көмүрдү түшүрүшпөйт. Анан жетпей калган көмүргө кум аралаштырып ТЭЦке тапшырышат. Ал жактагы лаборанттар дагы таза көмүр деп өткөрүп койчу экен. Биз ошол көмүрдү жагып жүрүптүрбүз. Капкара түтүн болуп күйбөй жатканы ошондон экен", — деди президент.

Жапаров жайлата бул мафия менен күрөш жүргөнүн, учурда ТЭЦке таза көмүр жагыларын айтты.

Ошондой эле ал жакынкы убакта диверсанттар пайда болгонун, алар атайын техниканын май куйгучуна шекер салып кетип, мунун айынан автоунаалар бузулуп калганын айтты. Бул боюнча тергөө иштери жүрүп, күнөөлүүлөр изделип жатканын белгиледи.

Мындан сырткары, Жапаров кышында электр жарыгы өчпөй турганына ишендирди.

58
Белгилер:
Садыр Жапаров, Кара-Кече, көмүр, коррупция
Тема:
Жапаровдун 2021-жылдын октябрындагы маалымат жыйыны
Тема боюнча
Сооронбай Жээнбеков экс-президент макамынан ажыратылабы? Жапаровдун жообу
Айгүл Жапарова кайрымдуулукка берген жарым миллион сомду кайдан алганы айтылды