Султамбаев: оюн маалында биздин кызматкерлер стадиондун эшигин жапкан эмес

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстана жана Австралия оюну
Кыргызстана жана Австралия оюну - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине стадионду оюнга даярдоо гана милдеттендирилген. Калган маселелердин баарын Футбол федерациясы чечти деп билдирет агенттиктин өкүлү.

БИШКЕК, 18-июнь — Sputnik. Кыргызстан-Австралия беттешүүсүн уюштуруу маселелерине Кыргызстандын Футбол федерациясы жооптуу экенин Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин өкүлү Нурдин Султамбаев билдирди.

Темир Сариев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сариев Кыргызстан-Австралия оюнунда баш аламандыкка жол берген атка минерлерди жазалайт
Оюн шейшемби күнү Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кечки саат сегизде өтүп, 1:2 эсеби менен  Австралиянын пайдасына аяктаган.

Күйөрмандар милиция кызматкерлери билети жокторду да киргизип жаткандыктан, атайы билет сатып алгандар оюнга кире албай калганын айтып чыгышты.

Мекеменин маалыматы боюнча, 15-июнь күнү аталган агенттик FIFA талаптарына ылайык стадионду Футбол федерациясына өткөрүп берген.

"Агенттик федерацияга орток жумушчу тобун уюштуруп, күйөрмандар үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө көмөктөшүү сунушу менен кайрылган. Мында Кыргызстандын аймагында ири иш-чараларды өткөрүп жүргөн кызматкерлерди уюштуруу комитетинин курамына кошуу каралган. Бирок федерация биздин сунуштан баш тартты", — деп айтылат билдирүүдө.

Султамбаев Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине стадионду оюнга даярдап берүү гана милдеттендирилгенин, калган маселелердин баарын Футбол федерациясы чечкенин кошумчалады.

"15-июнда биз стадиондун дарбазаларынын, эшиктеринин ачкычтарын иш-чараны уюштуруучуларга өткөрүп бергенбиз. Демек, агенттик стадиондун эшигин жабуу тууралуу буйрук бере алмак эмес", — деди Султамбаев.

Агенттик масштабдуу иш-чараларды өткөрүү укугун мамлекеттик органдарга берүү сунушу менен өкмөткө кайрылууга ниеттенип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0