Кыргызстан өлкөнү көрүп-билбеген чет элдиктердин көзү менен

Жазылуу
Сурамжылангандардын бири Кыргызстан тууралуу укканда асман тиреген чокулары жана бут коёрго жер жок, кир шаарлары бар өлкөнү элестетерин айтты. Анын пикиринде, Кыргызстандын эли эски көз карашта жашаганы менен, бактылуу жана байгер өмүр сүрөт.

БИШКЕК, 18-июнь — Sputnik. Кыргызстанда туристтик мезгил гүлдөп турган чак. Жергебизге келген туристтердин дээрлик бардыгы табиятыбызга, меймандостугубузга, салт-санаабызга суктанып кетет. Бирок Кыргызстанды бир да жолу көрбөгөн планетанын миллиарддаган жашоочусу бар.

Sputnik агенттиги Кыргызстанда бир да жолу болбогон чет элдиктерден өлкө жөнүндө сурап көрдү. Сурамжылангандар интернетти пайдаланбай туруп, Кыргызстандын саясий түзүлүшү, экономикасы жана эли тууралуу айтып бергенге аракеттеништи.

Кыргызстандын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Что? Где? Когда?" оюнунун оюнчулары КР желегинде эмне тартылганын табууга аракеттеништи
Максим Лефрансуа, 35 жашта, Ницца, Франция: Кыргызстан тууралуу көп деле кабарым жок. Башка "-стан" мамлекеттериндей эле Азия, Россия, араб өлкөлөрү, Түркиянын таасири менен жашаса керек. Саясий таасир да болушу мүмкүн (мисалы, Россия). Мага аска-зоолуу тоолор менен кир, бут коёрго жер жок шаарлар элестейт. Баамымда, эли эски көз карашта жашаганы менен, бактылуу, байгер өмүр сүрөт. Туруктуу жана демократиялуу саясий түзүлүштө жашайт. Коррупция менен катар башка мамлекеттердин басымы күчтүү деп эсептейм. Балким, чындыктан өтө эле алыстап кеткендирмин. Бирок мен бир нерсени так билем — силердин тоолоруңар ажайып керемет!

Жорджи Кабадзе, 32 жашта, Тбилиси, Грузия: Кыргызстанга бир да жолу барган эмесмин, бирок ал жакта салттуу коом жашагандай туюлат. Сүйүү кумарына да баланы жарыкка алып келүү үчүн гана батышса керек.

Жамиля Алекперова, 25 жашта, Баку, Азербайжан: Кыргызстан Азия мамлекеттеринин бири, президенти – Алмазбек Атамбаев. Менин билишимче, мамлекет демократиялуу. Эл бийлик алмаштыруу үчүн митингге көп чыгат. Мындан жарытылуу тыянак деле болбосо керек. Бир сөз менен айтканда, эл өзүнүн тандоо укугу бар экенин далилдеп келет. Кыргызстан – парламенттик өлкө, президентке караганда парламенттин укугу көп. Кыргызстандын саясий багыты Россия менен АКШга негизделген. Билишимче, эл Америкага караганда Россияга көбүрөөк ыктайт (Буга мамлекеттин ЕАЭБге өткөнү далил). Экономикасы чабал. Баамымда, сиздерде жеңил өнөр жай тармагы жана алтын казуу жакшы өнүккөн. Орто Азиянын соодагерлери Кыргызстандан келип соода кылат деп уккам. Жаратылышыңар абдан кооз болгону менен туризм өнүккөн эмес. Ысык-Көлгө көп өлкөлөрдөн келишерин билем. Угушума караганда сиздерде дагы эле билим берүүнүн советтик системасы өкүм сүрөт. Эстегеним ушул болду.

Феликс Ютр, 32 жашта, Даллас, АКШ: Чынында Кыргызстан мага азыраак тааныш өлкө. Билишимче, тили татаал (мен үчүн). Чакан мамлекет. Абдан кооз кышкы пейзаждарды көргөм. Бир да жолу жайкы Кыргызстандын сүрөттөрүн көрбөптүрмүн. "-stan" деп аяктагандыктан, Жакынкы Чыгыштын аймагында деп ойлойм. Мындан улам, саясий абал да туруксуз деп эсептейм.

Миландагы кыргыз павильону чоң кызыгуу жаратты
Иван Лизан, 24 жашта, Одесса, Украина: Табияты боюнча — Ысык-Көл. Коому — жөнөкөй, ачык. Украиндиктерге да окшошуп кетишет, бирок алардан айырмаланып, саясатка баш-оту менен кирип кеткен эмес. Саясаты — түстүү революция жана контрреволюциялар, ошону менен бирге өлкө жетекчилеринин мамлекетти өнүктүрүүгө болгон аракети. Экономикасы — реэкспорт жана Кыргызстандан чыккан кийимдер. Тилекке каршы, мен аларды ушу кезге чейин жолуктура элекмин.

Жюльен Феррандо, 19 жашта, Вальбонн, Франция: Чынын айтсам, Кыргызстан кайсы жерде экенин билбейм, "-стан" менен бүткөн мамлекеттердин катарында болсо керек. Негедир мага уруштан башы чыкпаган кедейчиликте жашаган адамдар элесиме келет. Өлкө башчылары мамлекеттик ресурстарды уурдаса керек.

Ирина Антонова, Санкт-Петербург, Россия: Кыргызстанды мен ажайып Ысык-Көл, Ала-Тоо, Тянь-Шань, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы, кылдуу аспаптын үнү (атын унутуп калдым) аркылуу билем. Негизи эле кыргыздар мага абдан музыкага жакындай сезилет. Кыргызстан дегенде ошол аспаптын үнү жаңырган тоолор элестейт. Биздикиндей эле сүт кошулган чай жана эшектер көз алдыма тартылат.

Вугар Гасанов, Баку, Азербайджан: Кыргызстанды мен сулуу кыздар жана атайы идишке куюлган чай аркылуу элестетем. Анан биздин сах музыкалык аспабына окшогон аспабынын үнү абдан жагат. Биздин өлкөбүзгө мамилеңер абдан жакшы экенин билем. Биз да силерди жакшы көрөбүз!

Жаңылыктар түрмөгү
0