Чет элдиктер КРда өткөн футбол оюну тууралуу: мыкты күйөрмандар жана сулуу кыздар

© Sputnik / Табылды КадырбековЧет элдик күйөрмандар Кыргызстан-Австралия. Архив
Чет элдик күйөрмандар Кыргызстан-Австралия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Трибунадагы жана стадион сыртында калган кыргызстандык күйөрмандардын колдоосу дүйнө боюнча кызуу талкууга алынып жатат. Sputnik агенттиги алыстан атайы Кыргызстан-Австралия беттешүүсүн көрүү үчүн келген чет элдиктердин пикирин жарыялайт.

БИШКЕК, 18-июнь — Sputnik. Кыргызстан-Австралия беттешүүсү күйөрмандар үчүн футболун чыныгы майрамына айланды. Буга чейин мындай ири иш-чара азербайжандык атаандаштар келгенде болгон.

Кыргызстан өлкөнү көрүп-билбеген чет элдиктердин көзү менен
Австралия менен болгон оюн Кыргызстандын курама командасы үчүн жүзүнчү эл аралык беттешүү болду. Кубанычтуу майрамдын маанисин биодааратканалардын чатырына чыгып алган, билети жогунан улам бактарга чыгып стадиондон орун алган күйөрмандардын осол тартиби бузду. Атайы билет сатып алгандардын көбү оюнга кире албай сыртта калды.

Күйөрмандардын тартиби тууралуу социалдык тармактардын пайдалануучулары, ММК узун-туура кеп кылышты. Футбол федерациясы, Дене тарбия жана спорт агенттиги, ИИМ оюнду уюштуруудагы баш аламандыкка күнөөлүүнү таппай убара. Президент да, премьер-министр да уюштуруучуларга нааразы…

Оюндун терс жактарын айта берип, бийчи күйөрман менен жалпы элдин колдоосунан башка маңдай жылыта турган сөз болбой калды. 

Ал арада Себастьян Хасет аттуу  австралиялык жаран Twitter социалдык тармагындагы баракчасына кыргызстандыктар Азиядагы эң мыкты күйөрмандар экенин жазып чыккан. Мунун далили катары ал өз постуна кыргыз фанаттары түшүрүлгөн видеону кыстарган.

Чет элдиктер кыргызстандык футболчулардын көргөзгөн оюнуна суктанышты
"Кыргызстан, Кыргызстан!" деген ураан көптөгөн чет элдик меймандар жана журналисттер тарабынан жогору бааланды. Британиянын Guardian гезитинин корреспонденти оюндан кийинки абалды, күйөрмандардын бакка чыкканын жазган. Ошону менен бирге кыргызстандыктардын кызуу колдоосун да белгилеп, Иордания менен болгон беттешүүдөн кийин жергиликтүүлөр Австралиянын оюнчуларын ташка алганын жазат. Кыргызстанда мындай болгон жок, дейт журналист.

Джек Керр Sputnik агенттигине оюн башталар алдында Бишкектин аба ырайы жана кыздары абдан жакканын билдирген. Ошону менен бирге Кыргызстандын командасы ири эсеп менен утула турган алсыз деп айтууга болбой деп белгилеген.

Өз командасын колдоо үчүн келген австралиялык Марк шаардын өзүндө да, трибунада да өкүм сүргөн жагдай ага абдан жакканын айтты.

"Бир гана маселе – оюнга араң дегенде кирдим. Адам абдан көп болду. Беттешүү жакты, эки команда тең мыкты оюн көрсөттү. Күйөрмандарыңар укмуш экен", — деди Марк оюндан кийин мейманканаг шашып баратып. 

Кыргызстан – Австралия беттешүүсү 16-июнда болуп өттү. 1:2 эсеби менен аяктаган оюнга болжол менен 18 миң адам келди.

Жаңылыктар түрмөгү
0