Издөөгө алынган 8 жашар бала табылды

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүҮйбүлө. Архив
Үйбүлө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечигип жаткан апасын күтө берип чарчаган Абай өзү жашаган Ново-Покровка айылын көздөй жөнөгөн.

БИШКЕК, 18-июнь — Sputnik. Издөөгө алынган сегиз жаштагы Абай Мейманов табылганын Бишкек ШИИБ маалымат кызматы билдирди.

Абай 17-июнь күнү эртең мененки 8.30да Жибек-Жолу жана Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишинен дайынсыз жоголуп кеткен.

Милиция дайынсыз жоголгон баланы табуу үчүн жардам сурайт
Маалыматка ылайык, Абайдын чоң апасы баланы маршруттук таксиге салып жиберген. Жибек-Жолу жана Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишинен баланы апасы тосуп алмак. Кечигип жаткан апасын күтө берип чарчаган Абай өзү жашаган Ново-Покровка айылын көздөй жөнөгөн. Жолдон куруучуларга кезигип, адашып кеткенин айткан. Алар милицияга кайрылып, бала тууралуу маалымат беришкен.

Милиция кызматкерлери Абайды ошол эле күнү ата-энесине кайтарып берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0