Карьер. Архив

Чаткалдагы Терек кенин иштетүүгө конкурс жарыяланат

61
(жаңыланган 15:13 19.06.2015)
Терек кени 1941-жылы ачылган. 1960-70-жылдары кенен чалгындоо иштери жүргүзүлүп, алтындын, күмүштүн жана сурманын кени бар экени такталган.

БИШКЕК, 19-июнь — Sputnik. Чаткал районундагы сурьма чыккан Терек кенинин 17- блогу иштетүү үчүн аукционго коюлат. Бул туурасында Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы билдирди. 

Аталган мамагенттик Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай айыл аймагында жайгашкан Терек кенин иштетүүгө лицензия берүү үчүн аукцион өткөрөт. Соодалоо аталган айыл аймагынын Маданият үйүндө 2015-жылы 3-августта өтмөкчү. 

Ал эми аукционго катышууну каалагандар 2015-жылдын 28-июлуна чейин тиешелүү документтерин Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикке жиберсе болот. 

Аталган сурма кени 1941-жылы ачылып, беш жылдан кийин кеңири геологиялык иштер жүргүзүлгөн. 1960-70-жылдардагы  чалгындоолордун натыйжасында алтындын, күмүштүн жана сурманын кени бар экени такталган.

61
Белгилер:
сурьма, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик, Терексай айылы, Чаткал, Жалал-Абад