Атасы сатып жиберген бала энесине кайтарылды

Жазылуу
Баланын энеси акыйкатчыга жазган катында уулун Нарын облусундагы Кочкор районунун жашоочулары алып кеткенин билдирген.

БИШКЕК, 19-июнь — Sputnik. Баласын сатып жиберди деп шектелген жаран баланы энесине кайтарып бергенин акыйкатчынын маалымат кызматы билдирет.

Ымыркайдын колу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баласын сатып жиберген ата изделүүдө
Акыйкатчынын Таластагы өкүлчүлүгүнө 14-май күнү бала сатуу фактысы боюнча Гүлнара Миңбаевадан арыз түшкөн. Ага ылайык, Гүлнаранын эжеси Болотбек кызы Мунаранын жолдошу Бактыбек Жээналиев өзүнүн 2,5 жаштагы Абдували аттуу баласын сатып жиберген.

Баланын энеси акыйкатчыга жазган катында  уулун Нарын облусундагы Кочкор районунун жашоочулары алып кеткенин билдирген.

"Уулумду кайтарып беришкенден кийин аларга эч кандай дооматым жок экенин жазып бердим. Бирок баламды сатып жиберген күйөөм мыйзам алдында жооп бериши керек", — дейт Болотбек кызы Мунара.

Буга чейин укук коргоо органдары арызды кабыл албай, кылмыш ишин козгоодон баш тартканы маалымдалган.

Акыйкатчы институтунун жана ММКдын кийлигишүүсү менен учурда кылмыш иши козголуп, баланын атасы издөөгө алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0