Кыргызстандын санитардык жана ветеринардык кызматтары ЕАЭБде мактоого арзыды

Жазылуу
Биримдикке мүчө өлкөлөрдүн ички макулдашуусунан кийин Кыргызстандын ЕАЭБ алкагындагы өнөктөштөр менен чек арасы ачылып, өлкөдө өндүрүлгөн товарлардын эркин жүрүшүнө мүмкүнчүлүк ачылат.

БИШКЕК, 19-июнь — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жана ЕЭКтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен Кыргызстандын аталган биримдикке кошулуу даярдыгын талкуулаганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө, Темир Сариев КРнын Евразия экономика биримдигине кошулуусу боюнча келишим ага мүчө өлкөлөрдүн ички макулдашуусунан өтүп жатканын белгиледи. Бул жараяндар аяктаган соң, Кыргызстандын ЕАЭБ алкагындагы өнөктөштөрү менен чек арасы ачылып, өлкөдө өндүрүлгөн товарлардын эркин жүрүшүнө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

ЕЭК инспекторлору КРдеги ветеринардык жана фитосанитардык абалды текшерет
Жолугушууда ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрү Кыргызстандын санитардык жана ветеринардык кызматтарынын даярдыгын текшерүү жыйынтыгы тууралуу айтып беришти.

ЕАЭБнын санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чаралар боюнча департаментинин директору Олег Арнаутов тийиштүү органдардын бул багыттагы иштерин оңунан баалап, тиешелүү иштерди улантуу зарылдыгын билдирди.

Соңунда премьер-министр Темир Сариев жумушчу топко аткарган иши үчүн ыраазылык билдирди.

21-майда президент Алмазбек Атамбаев КРдин ЕАЭБге кошулушу боюнча эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбооруна кол койгон. Биримдикке мүчө башка өлкөлөр азырынча келишимдерди ратификациялай элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0