Cтадиондо коопсуздукту күчөтүү планын иштеп чыгууга Сариев беш күн берди

Жазылуу
Премьер-министр Темир Сариев Бишкектеги стадионду оңдоо жана коопсуздук шарттарын күчөтүү боюнча беш күн ичинде план иштеп чыгууну тапшырды

БИШКЕК, 20-июнь — Sputnik. Өкмөт башчы Темир Сариев КР Футбол федерациясынын президенти Семетей Султановду кабыл алып, 16-июнда Бишкекте өткөн футбол боюнча  Кыргызстан-Австралиякурама командаларынын беттешин уюштуруудагы кемчиликтер тууралуу айтты. 

Темир Сариев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сариев Кыргызстан-Австралия оюнунда баш аламандыкка жол берген атка минерлерди жазалайт
Сариев аталган матчта кыргызстандыктар татыктуу оюн көрсөткөнүн белгилеп, футболчуларга, машыктыруучуларга жана Футбол федерациясына ыраазычылык билдирди.

Кыргызстандык футболчулар жогорку деңгээлдеги оюн көрсөткөндүгүн, бирок беттишти уюштурууда мүчүлүштүктөргө жол берилгенин, аны жоюу үчүн Футбол федерациясы, өкмөт алдындагы Дене тарбия жана спорт агенттиги аракет көрүшү керектигин айтты.

"Бул жерде абдан чоң маселе бар. Бишкектеги стадиондун абалы, анын коопсуздук шарттары талапка жооп бербейт. Ошондой эле уюштурууда да бир катар кемчиликтерге жол берилген" — деп белгиледи Сариев.

Премьер-министр оюнду уюштуруудагы кемчиликтерди териштирүү тапшырмасы Ички иштер министрлиги, өкмөт алдындагы Дене тарбия жана спорт агенттиги жана Футбол федерациясына берилгенин маалымдап, анын жыйынтыгы менен мындай абалга жол бергендерди жоопко тартуу каралышы керектигин айтты. 

Жанар Акаев. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жанар Акаев: президент футбол таймашын уюштуруудагы кемчиликтерге ачууланды
Футбол федерациясынын президенти Султанов беттешти уюштурууда айрым кемчиликтер кетирилгенин моюнуна алып, билет алып, оюнга кире албай калган көрөрмандардан кечирим сурады. Анын айтымында, 30 жылдан бери Кыргызстанда мындай деңгээлдеги оюн болгон эмес. Ошондуктан стадионго киши батпай калды. 

Муну менен катар Султанов билет алып, бирок оюнга кире албай калган 1000 ашык адамга компенсация төлөп берилгенин маалымдады.

Жолугушуу жыйынтыгында Сариев Дене тарбия жана спорт агенттиги жана Футбол федерациясына спорттун иш-чараларды уюштурууда мындан аркы кемчиликтерди кетирбөө үчүн жана Бишкектеги стадионду оңдоп-түзөө, коопсуздук шарттарын күчөтүү боюнча беш күн ичинде план иштеп чыгууну тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0