Кыргызча-орусча сөздүктүн түзүүчүсү Юдахиндин 125 жылдыгы белгиленет

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызча-орусча сөздүгү. Архив
Кыргызча-орусча сөздүгү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Юдахиндин жалпы редакциясы алдында түзүлгөн Орусча-кыргызча сөздүктүн жана Кыргызча-орусча сөздүктүн ичиндеги унутулуп калган жети миңден ашуун сөздү камтыган Сөздүктөгү сөздүк аттуу китептер жарыкка чыгууда.

БИШКЕК, 22-июнь — Sputnik. Кыргызча-орусча сөздүктүн түзүүчүсү Константин Юдахиндин 125 жылдыгы 26-июнда белгилене турганын Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия билдирди.

Улуу академик Константин Юдахиндин 125 жылдыгы жана ал түзгөн Кыргызча-орусча сөздүктүн 50 жылдык мааракеси белгиленет. 

"Манас" эпосунун түшүндүрмө сөздүгү чыкты
Константин Юдахин 1890-жылы туулган. Ал Кыргыз ССР илимдер академиясынын академиги болгон. Юдахин түзгөн Кыргызча-орусча сөздүгү 1940-жылы чыккан, 1944-жылы Орусча-кыргызча сөздүгү чыккан. 

Аталган иш-чаранын алкагында Юдахиндин жалпы редакциясы алдында түзүлгөн Орусча-кыргызча сөздүктүн жана Кыргызча-орусча сөздүктүн ичиндеги унутулуп калган, колдонуудан чыгып бара жаткан жети миңден ашуун сөздү камтыган "Сөздүктөгү сөздүк" аттуу китептер жарыкка чыгууда. 

Ал эми жогоруда аталган мааракелерге арналган илимий-практикалык конференциялар сентябрь-октябрь айларында өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0