Депутат: буга чейин колдонулган мөңгүлөр үчүн компенсация талап кылуу керек

© Sputnik / Олег Ласточкин / Медиабанкка өтүүМөңгүсү Герчетский. Архив
Мөңгүсү Герчетский. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖКда Суу кодексине толуктоо киргизип жаткан мыйзам саясатташып кеткендигин, маселенин маңызы кен иштетүүдө болгондуктан, дагы бир тармактык комитетте каралыш зарылдыгын айтышууда.

БИШКЕК, 22-июнь — Sputnik. Жогорку Кенештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитети 22-июнда Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоору талкуулады. 

Маалыматка ылайык, сунуш кылынып жаткан мыйзам долбоорунун максаты — бийик тоолуу кендердин үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу жана стратегиялык объектилерде пайдалуу кендерди казып алуудагы өндүрүштүн токтоп калышынын геотехникалык, экологиялык, социалдык-экономикалык жана укуктук терс натыйжаларынын алдын алуу.

Кумтөрдө мөңгү эрип түшкөн учурда да КР акционери бойдон калат - Sputnik Кыргызстан
Кумтөрдө мөңгү эрип түшкөн учурда да КР акционери бойдон калат
Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы өлкөнүн экономикасына салым кошкон субъектилердин, кен жаткан жерге туш келген муз массасын башка жакка милдеттүү көчүрүү шарты менен, мөңгүлөргө таасир берүүсүз жүзөгө ашырууга болбой турган ишине, издөө, чалгындоо иштерине, пайдалуу кен байлыктар жаткан жерлерди иштетүүгө мүмкүндүк берет. 

Долбоордун маалымат-негиздемесинде мисал катары "Кумтөр" кениндеги жылып келе жаткан муз массасын жүктөө боюнча тоо иштерине макулдашуунун жоктугу азыркы учурда оор кырдаалды пайда кылып жаткандыгы айтылган.

Депутат Кожобек Рыспаев, Абдулатип Режевалиев "Кумтөр" кени боюнча уруксат берүүчү мыйзамга Лысый, Давыдов мөңгүлөрүнүн аттарын  конкреттүү көрсөтүү керектигин айтышты. Эгер документте жалпы эле мөңгүлөр деп көрсөтүлүп калса, бул башка мөйгүлөргө да тиешелүүдөй чечмеленип, мисалы, Бордо, Сары-Төр мөңгүлөрүн да башка жакка милдеттүү көчүрүүгө уруксат берилет деген мааниде болуп каларын  түшүндүрдү. 

"Буга чейин кеткен мөңгүлөргө да компенсация сураш керек", — деди Рыспаев.

Өкмөт мүчөлөрү мыйзамга конкреттүү аталыштарды кошуп жазууга каршы чыкты. Алар Лысый, Давыдов мөгүлөрүнөн башка обьектилер кен иштетүүчү жерлерден 500 метр алыстыгын, тагыраак айтканда, жылдырылбай тургандыгын айтышты. 

Алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сыртка чыгарылган кен байлыктарга карата экспорттук бажы алымын киргизүү сунушталууда
Комитеттин төрагасынын орун басары Абдумиталип Кочкорбаев Суу кодексине толуктоо дегени менен маселенин маңызы кен иштетүүдө болуп жаткандыктан, бул маселени Жогорку Кеңештин Отун энергетикасы жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети да карашы керектигин билдирди. 

Жыйынтыгында депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен, каралып жаткан мыйзам долбоорун 2-3-окууларда жактыруу тууралуу чечим кабыл алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0