Макеттер. Архив

Айтиев атындагы музейдин 18 миң экспонаты жамгырда калуу коркунучунда турат

485
(жаңыланган 17:39 23.06.2015)
Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитети Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейин оңдоо маселесин чечүүнү өкмөткө тапшырды.

БИШКЕК, 23-июнь — Sputnik. Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейи мышык ыйлагыдай абалда калгандыктан, музейдин материалдык-техникалык базасын жакшыртып, капиталдык оңдоодон өткөрүү зарылчылыгы турат. Бул жөнүндө ЖКда Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Бактыбек Секимов билдирди.

Музейдин директору Юристанбек Шыгаевдин маалыматы боюнча, музейде дүйнөлүк жана улуттук маанидеги өтө баалуу сүрөттөрдөн, скульптуралардан турган 18 миңге жакын экспонат бар. 

"Музей 1934-жылы уюштурулган жана Орто Азия чөлкөмүндө эң чоң сүрөт музейи. Туризмдин очогу болгон бул музейдин чатыры өткөн бороондо жабыркап, имараттын ичине суу кире баштаган. Эми кайра оңдоп-түзөөбөсө өтө кымбат сүрөттөр жаанда калып, жабыркашы толук мүмкүн. Улуттук музей болгондуктан, эл аралык уюмдарга жардам сурап кайрыла албайт экенбиз", — деди Шыгаев.

Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитети бул маселени чечүүнү өкмөткө тапшырды.

485
Белгилер:
музей, экспонат, Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейи, Юристанбек Шыгаев, Бактыбек Секимов
Тема боюнча
Башкы музей жаңылангандан кийин 100 миңден ашык экспонат коюлат
UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов. Архив

Көк бөрү көрөбүз! Хабиб машыктыруучусу менен Кыргызстанга келет

100
(жаңыланган 01:19 26.11.2020)
Нурмагомедов Кыргызстанга 2018-жылы келген. Анда ал өлкөдө ушунчалык атактуу экенине таң калганын билдирген.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун машыктыруучусу Хавьер Мендез Instagram баракчасына Кыргызстанга келип, көк бөрү оюнун көрүү каалоосу тууралуу жазган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Javier Mendez (@akajav)

Мендез менен Нурмагомедов азыр Бириккен Араб Эмирлигинде жүргөнү маалым болду. Машыктыруучу Кыргызстанды кайрадан көргүсү келип жатканын кыргыз ишкери менен жолукканда айткан.

"Кереметтүү Кыргызстанга барууну чыдамсыздык менен күтүп жатам, ошондой эле көк бөрү оюнун да көрсөк дейбиз", — деп жазган Мендез. 

UFC чемпиону да Instagram баракчасынын сторис бөлүмүнө "Жакында Кыргызстанга барам" деп жазган.

Белгилей кетсек, 2018-жылы Хабиб Нурмагомедов Улуттук олимпиада комитетинин чакыруусу менен өлкөгө келип кеткен. Анда ал КРде ушунчалык атактуу экенине таң калганын билдирген.

100
Белгилер:
Көк бөрү, спортчу, тренер, Хабиб Нурмагомедов, Кыргызстан
Тема боюнча
Миссиямды аткардым. Хабиб кайра октагонго чыгар-чыкпасын айтты
Бишкек шаары. Архив

Бейшембиге карата аба ырайы

57
26-ноябрга караган түнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Бейшембиде күндүз республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +1...+6, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +3…+8, Нарында -3…+2, Ысык-Көлдө -1…+4 градус болот.

Ош шаарында +4...+6 градус жылуу болсо, борбор калаада абанын температурасы +3...+5 градуска чейин жетет.

57
Белгилер:
Кыргызстан, ноябрь, аба ырайы
Тема боюнча
Күн качан жылыйт? Бир жумага карата аба ырайы