БИШКЕК, 24-июнь — Sputnik. Жогорку Кеңештин имаратынын алдында Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө каршы митинг өтүүдө. Жарандык активисттер парламенттин үч фракциясы — "Ата Мекен", "Ар-Намыс" жана КСДП көтөрүп жаткан сунуш мыйзамсыз экенин айтууда.
Митингге чыккандар колдоруна "Референдум 5 жылдан кийин!!!", КСДП, "Ар-Намыс", "Ата Мекен" мыйзамды тебелебе", "Конституциянын күчү — туруктуулук", "Конституциядан колуңду тарт!" деген плакаттарды кармап турушат.
Каршылык акциясын уюштуруучулардын айтымында, Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери баш мыйзам сегиз жолу алмашкан, бул өлкөгө туруктуулук алып келбей турганын убакыт көрсөттү дейт.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бишкектен анча алыс эмес жерде Интернациональный айылынан экскаватор айдоочусу Павел Камаев балбал таш таап алган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине өзү билдирди.
Балбал — бул адамдын сөлөкөтү чегерилген таш эстелик. Камаев аны кантип таап калганын айтып берди.
"Ал күнү мен жумушта болчумун, жер казып атып бир маалда катуу бир нерсеге тийгендей болдум. Карап, көргөн көзүмө ишенген жокмун. Топурак алдында анча чоң эмес таш эстелиги жатыптыр. Бийиктиги болжол менен бир метрди түзөт. Анын бир колунда чөйчөк тартылган. Табылга жакшы жышаан экенин, мындай жерлерде белгилүү аскер адамы да көмүлгөнүн окугам", — деди ал.
Ал табылгасын адистерге берүү үчүн Маданият, маалымат жана спорт министрлигине барган.
"Балбал ташты өзүмө алып калайын деп эч ойлонгон жокмун. Министрликтегилер айтканымды угуп, анын мынча тереңдикте жатканына таң калышты. Себеби мен аны үч метр тереңдиктен таап чыккам да. Ал жакта бул таш кандайча жатып калганы табышмак", — деди Камаев.
Маданият министрлиги балбал таш тууралуу маалыматты тастыктап, аны Тарых музейинин алдына орнотушканын кошумчалады.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бейшембиде күндүз республиканын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +21…+26, Талас жергесинде +20…+25, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +22…+27, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +15…+20 градуска чейин көтөрүлөт.
Күндүн табы Бишкекте +23…+25, Ош шаарында +24…+26 градус жылуу болот.
Эки мүнөттөн ашык тартылган роликте сүрөтчүнүн жаш кезин көрүүгө болот. Анда Чокморов жана башка студенттер талаада педагогдун жетекчилигинин алдында жылкыны сүрөткө тартып жатышат. Видеонун алдында окуя 1963-жылы Ленинград облусунда болгону жазылган. Чокморов эмгегинде бир гана жылкыны эмес, анын артына тоолорду да тартат. Окутуучу жок тоону эмнеге тартканын сураганда, ал мекенин сагынганын айткан. Бир маалда жылкы үркүп, баланын колунан жулунуп, секире баштайт. Аны көрүп Чокморовдон башкасынын баары чочулайт. Бирок Сүймөнкул Чокморов аттын жанына барып, жылкыны сылап аны чуркатыш керектигин айтат. Бала ага макул болбой койгондо Чокморов "кыргыздар ээр үстүндө чоңойгон калкпыз. Ал эми ат биздин канатыбыз" деп чапкан боюнча жөнөгөн.
Улуттук банк роликтерди Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата тартып жатат. Анда улуттук валютага сүрөтү түшүрүлгөн философ Жусуп Баласагын, манасчы Саякбай Каралаев, сүрөтчү, актёр Сүймөнкул Чокморов, акын Алыкул Осмонов тууралуу видеолор көрсөтүлмөкчү.
Роликтерди режиссёр Руслан Акун белгилүү кино ишмерлери Актан Арым Кубат, Эрнест Абдыжапаров, Марат Сарулу жана Баян Сарыгуловдун колдоосу менен тарткан.