Отунбаеванын фонду Ошто "Музыка — элдин жан дүйнөсү" иш-чарасын өткөрүүдө

© пресс-служба мэрия ОшаОтунбаеванын фондусу Ошто "Музыка — элдин жан дүйнөсү" иш-чарасын өткөрүүдө
Отунбаеванын фондусу Ошто Музыка — элдин жан дүйнөсү иш-чарасын өткөрүүдө - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекте жайгашкан Кыргызстан улуттар ассамблеясынын чыгармачыл ыр, бий жамааттары Ош жана Өзгөн шаарларынын көрүүчүлөрүнө Кыргызстан элдеринин ыр-бийлерин, музыкалык чыгармаларын тартуулайт.

БИШКЕК, 24-июнь — Sputnik. "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду бүгүн Ош шаарында "Музыка — элдин жан дүйнөсү" музыкалык-агратуу программасынын алкагында Өзгөн шаарында концерт берет. 

Бишкекте жайгашкан Кыргызстан улуттар ассамблеясынын чыгармачыл ыр, бий жамааттары көрүүчүлөргө Кыргызстан элдеринин ыр-бийлерин, музыкалык чыгармаларын тартуулайт.

"Бул сапар ыр-күү менен Кыргызстанда жашаган улуттардын ынтымагын бекемдеп, алардын маданияттарын жайылтууну көздөп жатабыз. Буга чейин Бишкекте уюштурганбыз. Башка облустардан бул иш-чарага кызыгып, алардын аймагында да өткөрүп берүү суранычтары бар, аны караштырып жатабыз", — деп билдирди фонддун координатору Асел Жакыпбекова. 

Аталган фонд соңку бир жарым жылдын ичинде Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын залында Түндүк Кавказ элдеринин корей, украин, казак, дунган, өзбек, уйгур, азербайжан, түрк, орус музыкалык маданиятына ранлаган концерттерди өткөргөн. 

"Биз бардыгыбыз катарлаш, бир көчөдө, бир үйдө жашайбыз, биргелешкен жамааттарда эмгектенебиз, бири-бирибизден үйрөнөбүз, бири-бирибиздин үрп-адатыбызды, каада-салтыбызды урматтайбыз, өз коңшуларыбыздын, бирге иштешкендердин, мекендештердин маданиятын жакшы түшүнүүгө аракет кылабыз. Биз Кыргызстандын бирдиктүү элибиз, өлкө гүлдөп-өнүгүшү үчүн биз тынчтыкта жана ынтымакта жашоого, бири-бирибизди өз ара урматтоого тийишпиз. Билүү, урматтоо, түшүнүү – ушунун ачкычы!", — деп айтылат аталган программа туурасында расмий билдирүүдө. 

Программа эртең, 25-июнда Өзгөн шаарында уланып, жергиликтүү калк башка улуттардын маданияты менен дагы жакындан таанышканга мүмкүнчүлүк алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0