АКШ аскер кызматкери. Архив

ТИМ АКШ элчилигинин "дипломатиялык жүгү" келгенин тастыктайт

(жаңыланган 12:30 24.06.2015)
АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин маалыматы боюнча аталган жүк элчиликтин жаңы имараты үчүн пайдаланылат дейт Сүйөркулов.

БИШКЕК, 24-июнь — Sputnik. АКШ элчилигинин "дипломатиялык жүгү" Кыргызстанга 23-июнь күнү келгенин Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Нурлан Сүйөркулов тастыктады.

Буга чейин маалымат булактар жүк шейшемби күнү таңкы саат үчтө келип, аэропорт аймагынан эртең мененки саат беште алынып чыкканын билдирген.

"Жүктүн келери тууралуу тийиштүү нота бар. ТИМ коомчулуктун кооптонуусун жакшы түшүнөт, бирок тынчсызданууга негиздүү себеп болушу керек. АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин маалыматы боюнча аталган жүк элчиликтин жаңы имараты үчүн пайдаланылат", — дейт өкүл. 

Сүйөркуловдун айтымында, аталган жүк Кыргызстандагы абалды туруксуздаштыра тургандыгы жөнүндө маалымат жок. 

"Жүк кечигип келди. Буга аны өз убагында жөнөтпөгөн америкалык тарап күнөөлүү", — деди ал.

Сүйөркулов мындай жүктөр Кыргызстанга мамлекеттин мыйзамына ылайык бардык тийиштүү процедуралардан өткөндөн кийин гана киргизиле турганын белгиледи. 

"Бул тартип КРде аккредитациядан өткөн бардык чет элдик өкүлчүлүктөргө тиешелүү. Бардык мамлекеттер дипломатиялык жүк жиберет.  Ушундай эле тажрыйба Кыргызстандын чет жердеги өкүлчүлүктөрүнө жиберилген жүккө карата да ошол мамлекеттер тарабынан колдонулат", — деп түшүндүрдү Сүйөркулов.

Март айында украин авиакомпаниясынын АН-124 "Руслан" унаа учагы "Манас" аэропортуна эки жолу келип конгонун ММК жазып чыккан. Учак Бириккен Араб Эмирлигинен АКШ элчилиги үчүн 152 тонналык "кандайдыр бир жүк" алып келген. Дипломатиялык почта болгондуктан, ал текшерилген эмес.

Эксперттер америкалыктар жаңы элчиликтин имаратын куруу менен бирге Кыргызстанга "демократия" кирпичтерин жана "эркиндиктин" арматураларын ташып келип жаткандыгы тууралуу пикирлерин билдиришкен. 

2015-жылдын февраль айында АКШнын КРгы убактылуу элчиси болуп Ричард Майлз дайындалган. Кыргызстан менен Грузия эксперттери бул дайындоонун кокустук эмес экенин, ал мамлекетке кооптуулук жаратарын айтышууда.

Майлз элчилик милдетти Азербайжан, Белград жана Болгария мамлекеттеринде аркалаган. 2003-жылы Грузияда "роза төңкөрүшү" болгон учурда да Майлз аталган өлкөдө Американын элчиси болуп турганы белгилүү.

Белгилер:
элчилик, дипломатиялык жүк, Тышкы иштер министрлиги, Ричард Майлз, Нурлан Сүйөркулов, Кыргызстан, АКШ
Тема боюнча
АКШ элчилиги дипломатиялык почта аркылуу келген жүк боюнча комментарий бербейт
Кишен. Архив

УКМК мамлекеттик чыккынчылыкка шектелген эки кыргызстандыкты кармады

(жаңыланган 18:21 13.04.2021)
Шектүүлөр тарабынан жасалган кылмыш тууралуу маалымат тергөө иштери аяктагандан кийин коомчулукка кененирээк берилмекчи.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Бүгүн, 13-апрелде, мамлекетке чыккынчылык кылган деген шек менен М.К. жана М.Т. аттуу эки кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кылмыш-жаза кодексинин 307-беренесинин 1-бөлүмү ("Мамлекеттик чыккынчылык кылуу") боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалгандардын кылмыш жасоого катыштыгы бар экендиги жөнүндө далилдер алынган.

"Мыйзамга ылайык, мындай кылмыш жасагандар 10 жылга чейин эркинен ажыратылат", — деп айтылат маалыматта.

Шектүүлөр тарабынан жасалган кылмыш тууралуу маалымат тергөө иштери аяктагандан кийин коомчулукка кененирээк берилмекчи.

Белгилер:
чыккынчы, кылмыш, УКМК
Тема боюнча
Кыргызстанда кылмыш жасап изин сууткандар Москвадан табылды
Бишкектеги ыш. Архив

Ыш менен күрөшүү. Бишкектеги айрым от казандар газга өткөрүлөт

(жаңыланган 17:27 13.04.2021)
Кыш мезгили келип, суук түшкөндө Бишкекти адатта кара түтүн каптайт. Мындай көрүнүштөн арылуу үчүн бийлик өкүлдөрү калктуу конуштарды газга өткөрүүнү пландаган.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Бишкектеги экологиялык кырдаалды жакшыртуу үчүн көмүр жагылган от казандар газга өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, жалпыга билим берүү мекемелеринин от казандарын газдаштыруу үчүн тендер жарыяланды. Ага ылайык, №23, №35, №15, №54, №59, №32 мектептер, №12 бала бакча жана майып балдардын реабилитация борбору газ менен жылытыла баштайт.

Аткарыла турган иштин сметалык баасы 6 198 875 сом. Каражат шаардык бюджеттен каралган.

Белгилей кетсек, кыш мезгили келип, суук түшкөндө Бишкекти адатта кара түтүн каптайт. 2020-жылы дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын ичинен Кыргызстандын борбор калаасы биринчи орунга чыккан. Бийлик өкүлдөрү эл көмүр жакпашы үчүн газдаштыруу иши колго алынарын убадалаган.

Белгилер:
ыш, газ, көмүр, от казандар, Бишкек
Тема боюнча
Дүйшөнкулова: гиповитаминоз абанын булганышы менен байланыштуу
УКМК автоунаа катализаторлорун чет өлкөгө мыйзамсыз ташыган каналды аныктады