Кылмыш иши папкасы. Архив

Футбол учурунда коопсуздукту сактаган милицияга таш ыргыткандарга кылмыш иши козголду

73
(жаңыланган 12:21 25.06.2015)
Кыргызстан менен Австралия курама командалары Бишкекте беттешкен күнү коомдук тартипти сактап жүргөн милицияга таш ыргытып, бейбаштык кылгандарды табуу үчүн укук коргоо органдары коомчулуктан жардам сурайт.

БИШКЕК, 24-июнь — Sputnik. Кыргызстан менен Австралия курама командалары Бишкекте беттешкен күнү коопсуздукту сактаган милицияга таш ыргыткандарга кылмыш иши козголгонун Бишкек ИИББдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 16-июнь күнү Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун түндүк-батыш тарабында саат 18.30 чамасында бейбаштык кылган белгисиз кишилер милиция кызматкерлерине желим бөтөлкөлөрдү жана таш ыргыткан. Анын кесепетинен үч милиция кызматкери түрдүү деңгээлде жаракат алган.

Аталган факты боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин тергөө бөлүмү Кылмыш жаза кодексинин "Бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

2015-жылдын 16-июнунда Бишкек шаарында Кыргызстан менен Австралия курама командалары беттешип, оюн 1:2 эсебинде австралиялыктардын пайдасына чечилген.

2018-жылы Россияда өтө турган дүйнө чемпионатына катышуу үчүн Азиядагы тандоо турнирлери июнь айында башталган. 

Кыргызстандын курама командасы В тобуна кирген жана атаандаштары Австралия, Иордания, Тажикстан жана Бангладеш.

73
Белгилер:
футбол, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстан – Австралия беттеши (27)
Тема боюнча
Футбол оюнуна кире албай калган күйөрмандардын акчасы 25-июнга чейин кайтарылат
Бишкекте өткөн оюндун жыйынтыгы: айып пулдан күйөрмансыз футболго чейин

Кыргызстандагы эң кымбат 10 университеттин тизмеси жана баалары

0
(жаңыланган 13:20 01.03.2021)
Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандагы окуу акысы эң кымбат 10 жогорку окуу жайдын тизмесин жарыялады. Арасында акысы 50 миң сомдон жарым миллионго чейин чапчыгандары бар.
Кыргызстандагы  эң кымбат 10 университет

Кыргызстандагы эң кымбат университет болуп АУЦА эсептелет. Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, жылына орто эсеп менен студент 482 400 сом төлөйт.

Экинчи сапта Медицинанын эл аралык жогорку мектеби. Бул жерде жалаң гана чет элдиктер билим алышат. Студент жылына 210 000 сом төлөйт.

Салымбеков атындагы университетте бир жылдык окуу акысы жергиликтүү студенттер үчүн 75 миң, чет элдиктерге 165 миң сомго жетет.

Эл аралык медицина университетинин окуу акысы жеткиликтүүрөөк. Анда кыргызстандыктар жылына 93 миң, чет элдиктер 151 миң сом төлөшөт.

Кымбаттыгы боюнча алдыңкы беш сапка кирген окуу жайлардын катарында "Ала-Тоо" эл аралык университети бар. Жергиликтүүлөр үчүн жылына 80 миң сом болсо, чет элдиктер 173 миң сом төлөшү керек.

0
Белгилер:
контракт, кымбат, Университет, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкектеги автомектептердин тизмеги. Шарты жана баалары

20 жылга кесилет! ИИМдин РФтеги өкүлчүлүгү курьер кызматына жамынгандарга кайрылды

1
ИИМдин РФтеги өкүлчүлүгү Россиянын аймагында эмгектенип жүргөн мекендештерге билбестиктен мыйзамсыз иштерге кабылып калбас үчүн кыраакы болууга чакырып, ал эми бир катарларына эскертүү берди.

"Россия Федерациясынын аймагында жашап, эмгектенип жаткан мекендештерге кайрылуу. Акыркы күндөрү Россия Федерациясынын аймагында мекендештерибиз "курьер" кызматында иштеп, баңгизатын мыйзамсыз ташууга көмөктөш болуп калган учурлар көп катталууда", — деп айтылган маалыматта.

ИИМ мыйзамсыз иштер адатта Россияда "Телеграмм" жана "Hydro" сайты аркылуу жүргүзүлүп жатканын билдирген.

"Мыйзамсыз буюмдарды ташууда: буюртма берүүчү тараптын буйругу менен белгиленген жерден мыйзамсыз заттарды алып, белгисиз кабыл алуучуга, тактап айтканда жашыруун жайларга коюп кетүү болуп саналат. Бул кызмат "Телеграмм" жана "Hydro" сайты аркылуу жүргүзүлөт.

Ал эми расмий курьерлик кызмат: жумуш берүүчүдөн буюмду алып, белгилүү кабыл алуучуга жеткирип берүү болуп саналат, жана бул кызмат тиркеме аркылуу ачык-айкын жүргүзүлөт.

Тилекке каршы, биздин кээ бир мекендештер оңой жана тез аранын ичинде чоң акча табууну көздөп мыйзамсыз заттарды, буюмдарды ташып жатышат", — деп айтылат маалыматтарда.

Өкүлчүлүк курьерлик кызматка жамынып, баңги затын мыйзамсыз жеткирүү менен алектенген жарандарга да кайрылып, эскертүү берген.

"Бул кооптуу ишти бир же эки жолу аткарып "мени кармаса, мен курьермин деп кутулам, же мени эч ким байкабаса, иштин жагдайларын билбесе кайра аткарсам болот" деген кыска түшүнүктөн алыс болуш керек! Себеби алыста үмүт артып, жол карап күткөн ата-эненин, бир туугандардын көз жашы да жардам бере албайт. Бул кылмыш үчүн Россиянын мыйзамдарында 20 жылга чейинки эркинен ажыратуу жазасы каралган. Мыйзамсыз жана өмүрүңүз үчүн кооптуу ишти жасаардан мурда терең ойлонуңуз, урматтуу мекендеш", — деп айтылат кайрылууда.

ИИМ бул кайрылуунун видео версиясын да жасап, тараткан.

1
Белгилер:
баңги зат, ИИМ, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Абактарга чейин тараткан. Ошто баңгизат саткан аскер кызматкери кармалды