"Ак-Буурадагы " бөбөктөр жаңы заманбап шарттагы аянтчалуу болушту

© пресс-служба мэрии города Ош"Ак-Буура" аймактык Кеңешиндеги Верхне-Увам көчөсүндөгү №8 балдар аянтчасы шаардык, жергиликтүү бийлик жана эл аралык уюмдун көмөгү менен ачылды.
Ак-Буура аймактык Кеңешиндеги Верхне-Увам көчөсүндөгү №8 балдар аянтчасы шаардык, жергиликтүү бийлик жана эл аралык уюмдун көмөгү менен ачылды. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарында бөбөктөр улутуна жана жашына карабай ойной турган балдар аянтчасы пайда болду.

БИШКЕК, 25-июнь — Sputnik. "Ак-Буура" аймактык Кеңешиндеги Верхне-Увам көчөсүндөгү №8 балдар аянтчасы шаардык жана жергиликтүү бийликтин, ошондой эле эл аралык уюмдун көмөгү менен ачылды. 

Буга чейин аталган аймактык кеңештерде шаар тургундары менен жолугушуу учурунда аталган аймактын жашоочулары балдар аянтчасынын жоктугу туурасында айтышкан. Натыйжада Бириккен Улуттар Уюмунун "Эл аралык толеранттуулук үчүн" фондунун Оштогу филиалы долбоорду колдоого алып, ага Ош шаардык мэриясы, жергиликтүү жамааттар каражат кошкон.

"Бүгүнкү жаш балдардын кубанычы аларга болгон биздин кичине камкордугубуздун белгиси. Балдар улутуна жана жашына карабай, бул аянтчада достугун бекемдеп, ден соолугун чыңдоо менен бактылуу балалыгын өткөрсө деген тилегибиз бар", — деди шаар мэри Айтмамат Кадырбаев.

Мэр аянтчаны курууга көмөк көрсөткөн эл аралык уюмдарга ыраазычылыгын билдирди.

 

 


Жаңылыктар түрмөгү
0