Осмоналиев: атайлаштырылган бала бакчаларды текшерүү керек

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүБала бакча. Архив
Бала бакча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖК депутаты Бишкек шаарындагы атайлаштырылган бала бакчага соо балдар көп алынгандыктан, майыптыгы бар бөбөктөр кирбей калып жаткандыгын билдирди.

БИШКЕК, 25-июнь — Sputnik. Жогорку Кеңеш жыйынында депутат Каныбек Осмоналиев Бишкек шаарындагы атайлаштырылган бала бакчага пара берүү жолу менен ден соолугу жайында болгон балдар кабыл алынат деген маалымат бар экенин айтты. 

Депутат бул маселе боюнча атайын иликтөө зарылдыгына токтолду. "Бул бала бакчада тарбияланып жаткан балдардын 70 пайызынын ден соолугу жакшы. Ал эми ден соолугунда майыптыгы бар балдар кабыл алынбай калып жатат", — деди эл өкүлү. 

Осмоналиевдин пикиринде бул боюнча протоколдук тапшырма берилип, маселе иликтениши керек.

Кыргызстанда канча бала бакча иштейт? Sputnik инфографикасында көрө аласыздар>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0