Артур Медетбеков: Сирияга кеткендер 400гө чукулдады, түшүндүрүү иштеринде аксап жатабыз

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүСирия. Архив
Сирия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда расмий маалыматтарда айтылгандай, Сирия, Ирак аймагындагы куралдуу чыр-чатактарга катышып жаткан 330га жакын адамдын ичинен 90 пайызы 18-28 жаш курактагылар.
УКМК: жаштар диний сабатсыздыктан, улам радикалдашып жатат

БИШКЕК, 26-июнь — Sputnik. Учурда Кыргызстанда жаштарды, студенттерди террористтик, экстремисттик уюмдарга, анын ичинен "Ислам мамлекети" радикалдык тобуна кошулуп кетүүдөн сактоонун бирден бир жолу — мамлекеттин жүргүзгөн алдын алуу жана түшүндүрүү иштери. Бул канчалык деңгээлде майнаптуу болуп, тагдырларды адашуудан сактап калат деген суроо жаралууда. 

Аталган жаатта УКМКнын өкүлү Рахат Сулайманов өлкөнүн булуң-бурчтарында алдын алуу иш-чаралары комплекстүү түрдө жана алардын кызматынын алкагында жасалып келе жатканына токтолду. Анын айтымында, Ирак, Сирияга кетип жаткандардын дээрлик бардыгы отузга чыга элек жаштар.

"2014-жылы УКМК тарабынан алдын алуу боюнча 600дөн ашуу ар кандай иш-чаралар болду. Өзгөчө жаштар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максаты коюлган. Кыргызстандын бардык-булуң бурчунда мындай иш-чаралар комплекстүү түрдө жүрүүдө. Ага муфтият, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, УКМК, ИИМ жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышып, түшүндүрүү иш-чараларды жүргүзүп жатат", — деди Сулайманов.

УКМК: Сирияга кетти деп шектелген дагы 30 адамдын багыты такталууда
Ал эми УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары, генерал-майор, коопсуздук боюнча эксперт Артур Медетбековдун айтымында, алдын алуу, түшүндүрүү иштери жеткиликтүү деңгээлде жүргүзүлбөй келет. Эксперт кээ бир жаш үй-бүлөлөр, аялы, бала-чакасы менен "Ислам мамлекети" уюмуна кошулуп кеткен фактылар 400гө жакындап калгандыгын билдирди. Бул дагы Кыргызстан үчүн кооптуу делген цифра.

"Кыргызстанда ислам дини боюнча жаштарга туура багыт берүү, радикалдык, экстремисттик идеяны чыныгы исламдан айырмасын так түшүндүрүү иштери абдан начар өтүп жатат. Бирок, Кыргызстанда башка коңшу өлкөлөрдөй кылып катуу кысым көрсөтүү жок… Экстремисттик уюмдар менен өзүнчө профилактикалык иштер мамлекет, укук коргоо органдары тарабынан абдан аз жүргүзүлүүдө", — деди генерал Медетбеков.

УКМК өкүлү Сулайманов маселенин көбү диний сабатсыздыктан келип чыккандыгын айтат.

"Бул жерде жаштар арасындагы көйгөйдү — диний сабатсыздыкты жоюуга басым жасалууда. Азгырылып кеткендердин көпчүлүгү динди туура эмес түшүнүп, жаңылыш идеяларды кабыл алгандыгы, жеткиликтүү маалыматы жоктугу аныкталган. Кыргызстанда мамлекет менен диндин ортосундагы кызматташтыкты, алакаларды жакшы нукка буруу боюнча атайын жумушчу топ түзүлүп, диний концепция иштелип чыккан. Анын негизинде да иш жүрүп жатат", — деди Сулайманов. 

Бул боюнча Медетбеков диний сабатуулукка үйрөтүүнү мектеп партасынан баштап, жогорку окуу жайларда улантуу зарылдыгын белгиледи.

"Экстремисттик уюмдарга каршы күрөшүүнү, түшүндүрүү иштерин мектеп жашынан баштоо зарыл. Жогорку окуу жайларда да болушу керек. Аларга чыныгы ислам дини туурасында сабак өтүп, жакшысы менен жаманын, чыныгы ислам менен радикалын көрсөтүп берүү зарыл. Мындан сырткары жалпыга маалымдоо каражаттары атайын берүүлөрдү, талкууларды эксперттердин эле эмес аймактардан жергиликтүү калктын өкүлдөрүнүн катышуусунда берүүлөрдү уюштуруп турса иш майнаптуу болот эле", — деди Медетбеков.

Эксперт Кыргызстанда диний жаатта түшүндүрүү иштери аксап жатканын айтты


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын расмий маалыматында, учурда Сирия, Ирактагы согуш аракеттерине кыргызстандык 330 жаран катышып жүрсө, алардын 40ка чукулу аялдар.

Жаңылыктар түрмөгү
0