Атамбаев Примаковдун каза болгондугуна байланыштуу Путинге көңүл айтты

Жазылуу
Кыргызстанда Евгений Примаковду тажрыйбалуу жетекчи жана кыргыз элинин чыныгы досу катары эскеришет

БИШКЕК, 27-июнь — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Советтер Союзунун, андан кийин Россия Федерациясынын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Евгений Примаковдун каза болгондугуна байланыштуу Россиянын президенти Владимир Путинге көңүл айтты. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Атамбаевдин Евгений Примаковдун акылмандыгы, сейрек учурачу жөндөмү жана жеке сапаттары заманбап Россия мамлекетинин калыптанышына жана өнүгүшүнө зор милдет өтөгөндүгүн айтты. 

"Евгений Максимович ошондой эле Кыргызстан менен Россиянын ортосунда достукту жана кызматташууну, өз ара пайдалуу соода-экономикалык мамилелерди чыңдоого олуттуу салым кошкон. Биздин өлкөдө Евгений Примаковду тажрыйбалуу жетекчи жана кыргыз элинин чыныгы досу катары эскеришет", — деп белгиленет мамлекет башчысынын телеграммасында.

Президент Атамбаев Кыргызстан элинин атынан жана жеке өзүнүн атынан маркумдун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайраттуулукка чакырган сөздөрүн жолдоду.

Жаңылыктар түрмөгү
0