Медреселерди ИИМ менен УКМК текшерет

© Sputnik / Егор Алеев / Медиабанкка өтүүРелигиозная община "файзрахманистов" в Казани
Религиозная община файзрахманистов в Казани - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандагы айрым медреселердеги мугалимдердин деңгээли талапка таптакыр жооп бербейт, дейт Молдалиев

БИШКЕК, 27-июнь — Sputnik. Кыргызстандагы медреселерге өзгөчө көңүл бурулушу керектигин Дин иштери боюнча мамлекеттик комитеттин директору Орозбек Молдалиев билдирди.

Премьер-министр Темир Сариевдин жетекчилиги алдында өкмөттүн кезектеги жыйыны өтүп, анда Кыргызстандын дин саясатынын концепциясын ишке ашыруу маселелери каралды.

Орозбек Молдалиевдин айтымында, аталган концепция диний багыттагы мамлекеттик саясатты жакшыртууга багытталган.

"Иш-аракеттердин планы диний экстремизмдин жана радикализмдин алдын алуу боюнча мамлекеттик органдардын аракеттеринин натыйжалуулугун арттырат. Жалпы жонунан Планды ишке ашыруу үчүн 22,4 миллион сом керектелет", — дейт мекеме жетекчиси.

Молдалиев Кыргызстандагы медреселер тыкыр көңүл бурууну талап кыларын баса белгиледи. Анын айтымында, айрым медреселердеги окутуучулардын деңгээли талапка таптакыр жооп бербейт.

"Көпчүлүк медреселерде 9-классты бүтпөгөн адамдар өспүрүмдөрдү окутууда. Талапка жооп бербегени аз келгенсип, алар жаштарды экстремисттик ишмердүүлүккө кызуу үндөп келишет", — деди ал.

Өз кезегинде премьер-министр аталган диний окуу жайларын текшерүүнү ИИМге жана УКМКга тапшырды.

"Эгер мындай фактылар ырасталса, күнөөлүү адамдарды кылмыш жообуна тартуу зарыл", — деди Сариев. 

Натыйжада айрым сунуштар жана эскертүүлөр менен Кыргызстандын 2015-2020-жылдарга чейинки дин саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча Планын бекитүү чечими кабыл алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0