Зеличенко: катуу оорулуулар героинди көмүскө рыноктон алууга муктаж

© Фото / Валерий Титиевский / Медиабанкка өтүүМорфиндин ампуласы. Архив
Морфиндин ампуласы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Наркотикалык дары-дармектерди сатып алуу мүмкүнчүлүгү жоктугунан ооруга чалдыккан кыргызстандыктар өлүмгө дуушар болуп жатышат.

БИШКЕК, 29-июнь — Sputnik. Курамында наркотикалык заттар кошулган дары-дармекти жазып берүүгө доктурларга тыюу салынгандыктан, катуу оорулуу кыргызстандыктар героинди көмүскө рыноктон сатып алууга мажбур болуп жатышканын банги саясаты боюнча Борбордук азия борборунун директору Александр Зеличенко билдирди.

Ысык-Көлдө кара куурай жок кылынууда
"Париж пакты" деп аталган баңгизатка каршы демилгелүү топтун изилдөөсүнүн нытайжасында көйгөйдү чечүү үчүн 14 сунуш иштелип чыккан. Анын бири курамына баңгизат кошулган дары-дармектерди алууну жеңилдетүү болуп саналат. Бул сунушту кыргызстандык эксперттер да айтып келгени белгилүү.

"Мага онокологиялык дарты бар, оорусу жан чыдатпаган адамдар көп кайрылат. Аларга доктурлар тийиштүү дары жазып берүүдөн коркушат. Анткени мынчалык көп дары жазуунун себептери суралат. Ошондон улам адамдар базарга барып, героин сатып алышууда", — деп билдирди Sputnik агенттигине Зеличенко.

Анын айтымында, мындай көйгөйлөр өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө гана бар экени байкалат. Катуу оорулуу адамдардын мындай дары-дармек алуусун жеңилдетүүнү камсыздоочу чаралар мыйзам чегинде иштелип чыгышы зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0