Депутат Карганбек Самаков. Архив

Депутаттар Карганбек Самаковдун ишинде мыйзам бузуу жок дешти

125
(жаңыланган 18:55 30.06.2015)
Парламентте түзүлгөн жумушчу топ депутат Карганбек Самаков боюнча иликтөөсүнүн жыйынтыгын чыгарды.

БИШКЕК, 30-июнь — Sputnik. ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Эсенгул Байдалиев депутат Карганбек Самаковго тагылган айып боюнча мыйзам бузуу таппагандыгын айтты.

Карганбек Самаков. Архив
© Фото / пресс-служба ЖК
"2008-жылдагы болгон мыйзамдарда жер берүү өкмөттүн бир категориядан бир категорияга которуу боюнча токтомдорунун жоболорунун негизинде жасалган. Бул мыйзамдуу болгон. Эң негизги белгилеп кетүүчү нерсе — ошол кезде Карганбек Самаков мамлекеттик кызматта иштеп же депутат эмес, болгону бизнесмен эле. Ага тагылып жаткан мыйзам бузду дегендер аныкталган эмес, ал таасир эткен да эмес. Чиновник же депутат болсо бир жөн эле. Тиешелүү органдардан сураштырып, уюмдар берген кагаздардын бардыгын тиркеп, анын жыйынтыгын чыгарып парламентте окудук",— деди Эсенгул Исаков.

Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков Чүй облусундагы Аламүдүн районунун бир катар айылдарындагы жерлерди мыйзамсыз сатып алган деп айыпталып, 2015-жылы 15-майда кечинде камакка алынган. Депутатка Кылмыш жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) боюнча кылмыш иши козголгон.

Октябрь райондук соту 17-майда Самаковду 15-июлга чейин үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган.

125
Белгилер:
кылмыш иши, депутат, Эсенгул Исаков, Карганбек Самаков
Тема:
Карганбек Самаковго карата козголгон кылмыш иши (19)
Тема боюнча
Прокуратура соттун Самаковду үй камагына чыгаруу боюнча чечимге даттанды
Сот Самаковго телефон менен сүйлөшүүгө да тыюу салды
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив

Мектеп куруп берүүнү өтүнгөн балбайлык окуучу Жапаров менен жолукту. Сүрөт

126
(жаңыланган 23:26 28.02.2021)
Сегиз жаштагы бала соцтармак аркылуу президентке кайрылып, мектеп куруп берүүнү өтүнгөн. Алгач өлкө башчынын аны менен жолуга албай турганы айтылып, кийин видео аркылуу сүйлөшкөнү белгилүү болгон.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Балбайлык окуучу Бекболот Турдушев президент Садыр Жапаров менен жолукту. Ал Instagram баракчасына өлкө башчысы менен жолуккан учурда тартылган сүрөттөрүн жарыялаган. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от turdushev (@bekbolotturduh)

Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына президент окуучу бала менен жолугууга убада бергенин белгилеп кетти.

Бекболот Турдушев мектебинин эскилиги жеткенин айтып, эки кабат мектеп салып бериңиз деп өлкө башчысына кайрылгандан кийин интернет жылдызына айланган.

Ошондон кийин Бекболоттун Жапаров менен жолуга турганы тууралуу маалымат тараган.

Президенттин маалымат кызматы Жапаров Россияга болчу сапарынын алдында окуучу бала менен жолугуу каралган эмес дешкен.

Көп өтпөй Жапаров видео байланыш аркылуу Бекболот Турдушев менен сүйлөшкөнүн өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлаган.

126
Белгилер:
Бекболот Турдушев, Садыр Жапаров, мектеп, президент, жолугушуу
Тема боюнча
Мектеп куруп берүүнү өтүнгөн балбайлык окуучу Жапаров менен жолукту. Сүрөт
 Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов. Архив

ЖК депутаты Алмазбек Акматов каза болду

218
(жаңыланган 23:51 28.02.2021)
Эл өкүлү узак убакыттан бери оору менен алышып келгени айтылды. Депутаттыкка чейин бир катар кызматтарды аркалаган.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов 57 жашында каза болду. Кабарды парламенттин маалымат кызматы ырастады.

Анда Акматовдун узак убакыттан бери илдет менен күрөшүп келгени айтылат.

Ал 2015-жылы "Бир Бол" партиясынын тизмеси менен депутат болуп шайланган.

Алмазбек Акматов 1964-жылы 18-октябрда Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Дөрбөлжүн айылында төрөлгөн.

Депутаттыкка чейин СССРдин Коргоо министрлигинде аскердик-саясий кызматтарда, президенттин иш башкармалыгында, Эсеп палатасында иштеген.

218
Белгилер:
оору, депутат, Алмаз Акматов
Тема боюнча
СССРдин эл артисти Токтоналы Сейталиев 84 жаш курагында дүйнө салды