Дьяченко: инспекторлордун пара талап кылып жатканы түшүрүлгөн видеотасма иликтөөгө алынат

Жазылуу
Дьяченконун божомолунда, видеого тартылгандар Бишкек ШИИБ Жол кайгуул кызматынын түнкү кезмети болушу мүмкүн.

БИШКЕК, 1-июль — Sputnik. ИИМ Жол кайгуул кызматынын (ЖКК) жетекчиси аталган мекеменин кызматкерлери айдоочудан пара талап кылып жатканы түшүрүлгөн видео боюнча териштирүү жүргүзө турганын билдирди.

Столдун алдына катылган акчалар. Жол кайгуул кызматынын кызматкерин кармоо
Шейшемби күнү социалдык тармактарда үч жүргүнчүсү бар унааны ЖКК инспекторлору токтоткону тартылган видео жайгаштырылган. Машинада отургандар 28-июндан 29-июнга караган түнү болгон бул окуяны видеого тартып алышкан. Инспектордун пара талап кылып жаткан жерин тартып алгандан кийин сыртка чыгып кызматкерлердин документтерин сурашкан. Инспекторлордун жанында турган жарандар кийлигишип, араздашып кетишкен. Андан соң видеого ээ болуу үчүн белгисиз кишилер машинанын артынан кууп жөнөшкөнүн жүргүнчүлөрдүн бири Болот Ибрагимов маалымдайт.

Дьяченконун божомолунда, видеого тартылгандар Бишкек ШИИБ Жол кайгуул кызматынын түнкү кезмети болушу мүмкүн.

"Бул боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүлөт", — деди жетекчи.

Буга чейин Ибрагимов өз өмүрүнүн  үчүн коркуп, аталган окуядан кийин укук коргоо органдарына кайрылуудан баш тартарын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0