Ниязалиева: тамеки, алкоголь, аз кыймыл эркектердин өлүмүн көбөйтүүдө

© flickr.com / 55Laney69Тамеки кармаган адам. Архив
Тамеки кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кант диабетин, жүрөк оорусун, инсульттун жана рак оорусунун 40 пайызын терс факторлор менен күрөшүп жойсо болот.

БИШКЕК, 4-июль — Sputnik. Адам өлүмүнүн 75 пайызы жугуштуу эмес оорулардын натыйжасында болорун вице-премьер Дамира Ниязалиева журналисттер менен жолугушуу учурунда билдирди.

Медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган иш-чарада вице-премьер дарыгерлерди куттуктап, андан кийин кабарчылардын суроосуна жооп берди.

Ниязалиеванын айтымында, инфекциялык эмес оорулардын жалпысынан төрт фактору бар. 

"Тамеки тартуу, алкоголду көп ичүү, туура эмес тамактануу жана дене-бой активдүүлүгүнүн жоктугу – аталган оорунун себепчиси болот. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча кант диабетин, жүрөк оорусун, инсульттун жана рак оорусунун 40 пайызын аталган факторлор менен күрөшүп жойсо болот. Бирок саламаттык сактоо кызматтары негизги басымды инфекциялык эмес оорулардын алдын алууга эмес, дарылоо маселесине бөлүшөт", — деп белгиледи.

Ошондой эле, Ниязалиева аталган факторлор эркектер арасында өлүмдүн көбүрөөк болушун шарттай турганын кошумчалады. 

"Жугуштуу эмес оорулар көптөгөн өлүмдүн себепчиси болуп, жумушка жарамдуулукту төмөндөтүп, майыптыкка алып келет", — деди чиновник.

Вице-премьер 2013-2020-жылдарга кабыл алынган Программанын алкагында терс фактор болгон чылым чегүү, туура эмес тамактануу, аз кыймыл жана ичимдиктин таасири тууралуу түшүндүрүү иштери жүрө турганын белгиледи. 

"Дени сак жашоо бакубат өмүр сүрүүгө, көп жашоого, социалдык функциялардын толук кандуу аткарылышына, эмгекте, коомдук турмушта, үй-бүлөлүк жашоого активдүү катышууга жагымдуу шарт түзөт", — дейт вице-премьер. 

Изилдөөлөр ар дайым спорт менен машыккандар аз кыймылдаган адамдарга караганда 25 пайызга сасык тумоо менен азыраак орушат. Күнүнө 30-60 мүнөт спорт менен машыгуу дени сак жашоону камсыздайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0