Чырдуу видеодогу автоунаанын номери башка машинадага тагылганы белгилүү болду

Жазылуу
Жол кайгуул кызматынын жетекчиси Сергей Дьяченконун айтымында, издөөгө алынган ак түстөгү Мерседес башка кишиге катталып, анын мамлекеттик номери башка айдоочуда мыйзамдуу түрдө болушу ыктымал.

БИШКЕК, 4-июль — Sputnik. Жол кайгуул кызматы менен болгон чырдуу видеонун автору Болот Ибрагимов издөөгө алынган Мерседес автоунаасынын номери "Тойота Ист" үлгүсүндөгү машинада тагылып жүргөнүн тартып алган күбөлөрдүн сүрөтүн өзүнүн Facebook тармагындагы баракчасына жайгаштырды.

Шейшемби күнү Ибрагимов анын досторунан Жол кайгуул кызматынын кызматкерлери пара талап кылып атат делген видеону социалдык тармактарга чыгарган. Болжол менен жарым сааттан кийин инспекторлордун жанында турган эки жигит (милициянын штаттан тышкаркы кызматкерлери болушу мүмкүн деген версия бар) видеокамераны көрөрү менен чыр чыгарууга аракет кылып, андан кийин машинанын артынан куушуп, машинанын мамлекеттик номерин жулуп алышкан. Учурда издөөгө алынды. Алар 7007ВХ мамлекеттик номердүү ак Мерседес менен жүрүшү мүмкүн делинүүдө. Видеого түшкөн Жол кайгуул кызматынын инспекторлору аларды билбей тургандыктарын айтышкан.

© Болот Ибрагимов"B7007X" номерлүү "Тойота Ист" автоунаасы.
1/2
"B7007X" номерлүү "Тойота Ист" автоунаасы.
© Болот Ибрагимов"Очень срочно! ДПС г.Бишкек. Вымогательство, беспредел, погоня" видеосунан алынган сүрөт.
2/2
"Очень срочно! ДПС г.Бишкек. Вымогательство, беспредел, погоня" видеосунан алынган сүрөт.
1/2
"B7007X" номерлүү "Тойота Ист" автоунаасы.
2/2
"Очень срочно! ДПС г.Бишкек. Вымогательство, беспредел, погоня" видеосунан алынган сүрөт.

"Бул сүрөттү тартып алган жарандар аны мага интернет аркылуу жөнөтүп, аттарын айткан жок. Алардын айтымында, "Тойота Ист" машинасын алар жума күнү 11-кичи райондон тартып алышкан", — деди ал.

ИИМдин Жол кайгуул кызматынын жетекчиси Сергей Дьяченко бул маалымат текшериле турганын Sputnik сайтынын кабарчысына билдирип, аталган мамлекеттик номер боюнча анда башка маалымат бар экенин айтты.

"Мендеги маалыматтар боюнча аталган окуя болгондун эртеси издөөгө алынган Мерседес башка кишиге кайтадан катталган. Азыр анын мамлекеттик номери башка кишиге мыйзамдуу түрдө таандык болушу ыктымал", — деди ал.

Чуулгандуу видеодогу инспекторлорду Турганбаев кызматтан албай турган болду
Ак түстөгү Мерседестин айдоочусуна карата Октябрь РИИБи "Бейбашчылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Шаршемби күнү ички иштер министри Мелис Турганбаев пара алып жаткан делинген Жол кайгуул кызматынын инспекторлорун иштен албай турганын билдирген. Милициянын прапорщиги Жеңиш Чокморовго кызматына төп келбейт турганы айтылса, Жол кайгуул кызматынын инспектору Урмат Белековго катуу сөгүш берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0