Мамбетакунов дүлөйлөр жана азиздер коомунун төрагалыгына кайра шайланды

Жазылуу
Калык Мамбетакунов аталган коомду 1999-жылдан бери жетектеп келет.

БИШКЕК, 6-июль — Sputnik. Калык Мамбетакунов Кыргызстан дүлөйлөр жана азиздер коомунун төрагалыгына кайра шайланганын Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Министр Кудайберген Базарбаев төраганы кайра шайланышы менен куттуктап, майыптыкты аныктоо системасын жакшыртуу тууралуу талкуулады. Мындан тышкары, быйыл курулуп бүткөн 90 батирлүү үй тууралуу белгиледи.

"Мындай үйлөр ар бир райондо болушу керек", — деди министр.

Мамбетакунов аталган коомду 1999-жылдан бери жетектеп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0