Ош шаарындагы коомдук унаанын абалы жакшырат

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүОш шаарынын борбор аянты. Архив
Ош шаарынын борбор аянты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган долбоор троллейбус жана автобус сатып алууга, троллейбустук инфраструктураны жакшыртууга, жол жүрүү билеттерин сатуунун жаңы автоматташтырылган системасын киргизүүгө багытталат.

БИШКЕК, 6-июль — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан менен Европанын реконструкцилоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) ортосундагы "Ош шаарындагы коомдук унааны жакшыртуу" долбоору боюнча гранттык жана кредиттик макулдашууга кол койгонун өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирет.

Валюта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 20 миллион доллар бөлөт
Макулдашууга ылайык, банк тарабынан 5,7 миллион евро кредит жана 3,1 миллион евро грант берилет. Мындан тышкары, техникалык гранттын негизинде 800 миң евро көлөмүндө каражат бөлүнүүдө. Бул долбоор троллейбус жана автобус сатып алууга, троллейбустук инфраструктураны жакшыртууга, жол жүрүү билеттерин сатуунун жаңы автоматташтырылган системасын киргизүүгө багытталат.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 4-июнунда кабыл алынган. 

Ага ылайык, макулдашууну ишке ашыруу үчүн Каржы министрлигине өлкө ички процедураларды аяктаганы тууралуу ЕРӨБын кабар берүү тапшырылды.

Мыйзам расмий жарыялангандан кийин он күн аралыгында күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0