Кыргызстан — туристтер үчүн коопсуз өлкөлөрдүн катарына кирди

© Sputnik / Игорь Руссак / Медиабанкка өтүүКыздар кыргыздын улуттук кийиминде. Архив
Кыздар кыргыздын улуттук кийиминде. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Insidermonkey басыламасынын пикири боюнча Кыргызстандагы туризм үчүн жети мыкты жер.

БИШКЕК, 6-июль — Sputnik. Чет элдик Insidermonkey басылмасы Кыргызстанда туристтер эс ала турган ажайып кооз жана коопсуз жети жерди  атаган.

Басылманын айтымында, Кыргызстан чет элдик туристтердин көз алдында өнүгүп келе жаткан сюрреалисттик абал өкүм сүргөн ажайып кооз өлкө. 

Атактуу Тянь-Шань тоолору адамдын көз жоосун алган табияттын көркүн дагы ачып турат. Ошондой эле бул өлкө өзүнүн таң каларлык тарыхый эстеликтери менен жана активдүү эс алууну сүйүүчүлөр үчүн ар кыл мүмкүнчүлүктөрү менен да белгилүү.

Туроператор: эң зыкым туристтер француздар болушат
Туристтерди кызыктыруучу жайлардын көпчүлүгү Кыргызстандын бийик тоолуу аймактарында жайгашкан. Бул жакка келүү үчүн эң ылайыктуу мезгил – жай күндөрү. Тоо аймактырында жолдор жеткиликтүү. Туристтер жайында Ысык-Көлдүн жээгинде эс алууга келишет. Кышкысын болсо Кыргызстанда эс алуучуларды лыжа тебүүчү жайлар кызыктырат. 

Insidermonkey сайтынын маалыматы боюнча, Кыргызстан — эс алуу үчүн коопсуз өлкө. Мисалы, парапланеризм жана альпинизм үчүн бийик тоолор, сууга түшүү жана кайыкта сүзүү үчүн көп сандагы көлмөлөр, балык уулоо жана рафтинг үчүн тоо дарыялары бар, атка минүү, велосипед менен көрктүү жерлерди кыдыруу мүмкүнчүлүктөрү кенен.

Басылманын версиясы боюнча Кыргызстандагы мыкты жерлер:

Жетинчи орунда Сары-Челек коругу турат. Кыргызстанда туристтердин келип көрүүсүнө татыктуу ажайып кооз жерлер көп болгону менен, бул коруктай өзгөчө көз жоосун алган касиетке баары эле ээ эмес. Сары-Челек — өзүнүн табигый көркүн кол тийбеген абалда сактап турган бөтөнчө жер, анда укмуштай кооз жети альпы көлмөсү орун алган, канаттуулардын көп түрлөрү, тоо эчкиси, камандар, эликтер ээн-эркин жашайт.

Алтынчы орунду басылма Таш-Рабатка ыйгарган. Караван сарайдын 31 бөлмөсүндө байыркы саякатчылар менен көпөстөр токтоп эс алчу. Азыр бул кайталангыс тарыхый эстеликтин тегерегинде атка минип же жөө сейилдеп эс алууга болот. 

Бишкектеги Борбордук Ала-Тоо аянты да бул рейтингге кирген. Ага Кыргызстандын белгилүү туристтик жайларынын бири катары бешинчу орун берилген. Басылма бул аянтта адатта салтанаттуу майрамдар өтө турганын жазат.

Төртүнчү орунда — Ленин чокусу. Анын бийиктиги 7000 метрден ашат. Ага кесипкөй альпинисттер да, жөн гана сүйүүчүлөр да чыга алат.

Ысык-Көлдүн жээги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Быйыл Кыргызстанга келе турган туристтердин саны 150 миңге көп болушу күтүлүүдө
Оштун меймандар көп келүүчү жайы — Сулайман-Тоо —рейтингде үчүнчү орунда турат. Тоо жергиликтүү гана эл үчүн эмес, чөлкөмдөгү жакын жайгашкан башка айрым өлкөлөрдүн эли үчүн ыйык да жер болуп эсептелет. Анда музей, тарыхый эстеликтер жана мечиттер келүүчүлөрдүн көңүлүн алат.

Экинчи орун Манастын күмбөзүнө ыйгарылган. Кыргыз баатырына арналган музей-комплекс Талас өрөөнүндө жайгашкан. Улуу баатырдын күмбөзү чет элдиктердин сөзсүз кызыгуусун жаратат.

Кыргыз жеринин бермети болгон Ысык-Көл рейтингде татыктуу биринчи орунду ээлейт. Ал дүйнөдө тоолуу көлдөрдүн ичинен көлөмү жагынан экинчи орунда турат. Жээкте эс алуудан тышкары, Ысык-Көл областында укмуштай кооз карагайлуу тоолор жана капчыгайлар экскурсия жана тоо туризми үчүн кызыктуу жайлар катары таанымал.

Мындай жерлерге барып эс алуу туристтер үчүн өтө пайдалуу жана ийгиликтүү болот. Жергиликтүү эл абдан меймандос жана четтен келгендер өзүлөрүн ыңгайлуу сезип, жакшы эс алып кетүүсү үчүн колдорунан келгендин баарын кылат деп жыйынтыктайт басылма. 

Жаңылыктар түрмөгү
0