Оштун Тээке айылында спорт зал курулмакчы

© пресс-служба мэрии города ОшОш шаарынын Жапалак аймактык башкармалыгынын Тээке айылындагы №45 Мырзаев атындагы орто мектебине спорт зал курула баштады.
Ош шаарынын Жапалак аймактык башкармалыгынын Тээке айылындагы №45 Мырзаев атындагы орто мектебине спорт зал курула баштады. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэр Ош шаарында жакынкы жылдарды мектеп, балдар бакчасы сыяктуу социалдык объекттер курулуп пайдаланууга берилерин айтты.

БИШКЕК, 7-июль — Sputnik. Ош шаарынын Жапалак аймактык башкармалыгына караштуу Тээке айылынын №45 Мырзаев атындагы орто мектебине спорт зал курула баштады. Курулушка 6-июлда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Улан Примов, аймактын тургундары жана аксакалдары менен биргеликте капсула салышты.

Жалпы аянты 577 чарчы метрди түзгөн курулуш, спорт залдан сырткары, ири залды жана ашкананы камтыйт. Курулуштун тендердик баасы 13 миллиондон ашуун сомду түздү.

Калаа башчысы курулуш иштерин ушул жылдын октябрь айына бүтүрүүнү тапшырды.

"Шаарыбыздын тургундарына, мектеп окуучуларына жана жаштарга жакшы шарттарды түзүү максатында бүгүнкү курулушту баштап жатабыз. Аталган айыл шаардын четинде жайгашып, социалдык тармагына анча көңүл бурулбай калган. Буюрса, жакынкы жылдарды мектеп, бала бакча сыяктуу социалдык объекттер курулуп пайдаланууга берилет", — деди Кадырбаев.

Тээке айылынын тургундары шаар мэрине ыраазычылык катын тапшырышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0