Интим кызмат көрсөткөн сайттарга тыюу салынды

Жазылуу
Доо арызына ылайык, жети сайтка тыюу салынды. Алар Кыргызстандын тышында катталган.

БИШКЕК, 7-июль — Sputnik. Бишкектин райондор аралык соту интим кызматтарын жарнамалаган интернет-сайттарга тыюу салганын шаардык прокуратурадан билдиришти.

Буга чейин Бишкек шаардык прокуратурасына интим кызматтарын сунуштаган сайттарды жабуу боюнча арыз келип түшкөн.

"Жашы жете электерди сойкулукка тартуунун жана мындай аракеттерди уюштуруунун алдын алуу боюнча шаардык прокуратура сотко доо арыз менен кайрылган. Анда интимдик мүнөздөгү кызматтарды сунуштаган жана порнографияны жайылткан сайттарга тыюу салуу өтүнүчү айтылган", — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин прокуратурага бир катар жарандар да кайрылган болчу.

Доо арызына ылайык, жети сайтка тыюу салынды. Алар Кыргызстандын тышында катталган.

Райондор аралык соттун чечими күчүнө киргенден кийин 30 күндүн ичинде Мамлекеттик байланыш агенттиги "жаман" сайттардын жабыла турганы боюнча 31 провайдерге жазуу түрүндө билдирүү жөнөтүүсү керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0