Атамбаев Уфага агасы жерге берилгенден кийин учуп кетет

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАтамбаев: июньские события на юге стали большим испытанием для народа
Атамбаев: июньские события на юге стали большим испытанием для народа - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттин маалымат катчысы билдиргендей, өлкө башчысынын маркум агасы бүгүн кечки саат бештерде жерге берилет. Ал эми саат тогузда президент Уфага учат.

БИШКЕК, 9-июль — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Уфа шаарында уюштурулуп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине агасы жерге берилгенден кийин учуп кетерин мамлекет башчынын маалымат катчысы Жанар Акаев Sputnik сайтына билдирди

Алмазбек Атамбаевдин улуу агасы Калыйбек Шаршенов каза болду
Президенттин улуу агасы Калыйбек Шаршенов шаршемби күнү өзүн жаман сезип, кечинде каза болгон. Ал 64 жашта болчу.

Президенттин маалымат катчысы билдиргендей, өлкө башчысынын агасын бүгүн саат кечки беште жерге берүү чечими кабыл алынды. Ал эми кечки саат тогузда президент Уфага учуп кетет. Бул сапар бейшемби күнү түшкүгө пландалган болчу.

Шаршенов акыркы жылдары президенттин кичи мекени Аламүдүн районундагы Арашан айылында жашап жаткан.

ШКУнун саммити 9-июлда Башкыртстандын борбору Уфа шаарында өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0