Чек арачыларга курал колдонуунун тартиби түшүндүрүлөт

Жазылуу
Түшүндүрүү иштеринин алкагында 11-июлда Баткен жана Исфара чек ара отряддары, ал эми 29-июлда Лейлек менен Ганчин чек арачылары үчүн атайы окуулар жүргүзүлөт.

БИШКЕК, 9-июль — Sputnik. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Райимберди Дүйшөнбиев Тажикстан УКМКнын чек ара аскерлеринин командачысы Раджабали Рахмонали менен жолукканын аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлайт.

Үстүбүздөгү жылдын 6-июлунда Баткен облусунун Баткен районунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында кагылыш болуп, бир тажик жараны көз жумган.

Чек арачы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айбалаев: Кыргыз-тажик чек ара көйгөйүн үйлөрдү, жерлерди алмаштыруу менен чечсек болот
7-июлда Кыргызстандын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев Тажикстан президентинин жардамчысы Шералы Хойруллоев менен аталган чек ара чатагынын себептерин талкуулаган.

Жолугушуу учурунда мекеме жетекчилери чатак болгон жерге барып, чек аранын абалы менен таанышып чыгышты. Мындан тышкары, жөнөкөй жарандарга жана аскер кызматкерлерине карата курал колдонуунун конкреттүү иш-чараларын иштеп чыгуу макулдашылды. 

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен чек арачылардын арасында түшүндүрүү иштерин жигердүү жүргүзүү чечими кабыл алынды. Ага ылайык, 11-июлда Баткен жана Исфара чек ара отряддары, ал эми 29-июлда Лейлек менен Ганчин чек арачылары үчүн атайы окуулар жүргүзүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0