Ала-Бука айылында эшек союлган делген маалыматты айыл өкмөтү четке какты

Жазылуу
Бир катар ЖМКлар айыл тургунун жергиликтүү эл эшектин этин сатканы үчүн айылдан кубалап жиберишти деп маалымдашкан эле.

БИШКЕК, 9-июль — Sputnik. Ала-Бука районундагы Сары-Талаа айылында "эшек союп сатты делген жаранды жергиликтүү тургундар айылдан кубалап чыгышты" деген маалымат чындыкка коошпой турганын Ала-Бука айыл өкмөт башчысы Гүлнара Умарова Sputnik сайтына билдирди.

"Интернетке чыгып кеткен бул маалыматтар туура эмес. Сөз болуп жаткан жаран мындан эки айдай мурда эле Бишкекке турмуш шартына жараша көчүп кеткен", — деди ал.

Бир катар ЖМКлар айыл тургунун жергиликтүү эл эшектин этин сатканы үчүн айылдан кубалап жиберишти деп маалымдашкан эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0