Боронов: табигый кырсык кесепеттерин жашоочулардын шалаакылыгы тереңдетип жиберет

Жазылуу
Кызыл-Кыя шаарында, Кадамжай жана Баткен райондорунда катталган табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды.

БИШКЕК, 10-июль — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Баткен облусуна иш сапары менен барып, табигый кырсыктардан жапа тарткан аймактардын абалы менен таанышып чыкканын мекеменин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министр 8-июлда Зарташ, Чоңгара, Чогорок, Галача жана Актурпак айылдары жайгашкан Сох дарыясынын жээгиндеги абалды көрдү. Буга чейин суу каптоонун алдын алуу үчүн Зарташ айылын бойлото узундугу 130 метр тосмолор курулуп, дагы кошумча 150 метр тосмо куруу керектиги аныкталган. 

Лейлектеги селден кийин ӨКМ таза сууну калыбына келтирет - Sputnik Кыргызстан
Лейлектеги селден кийин ӨКМ таза сууну калыбына келтирет
Боронов 1-июль күнү Кара-Булак айыл аймагында сел алып кеткен ички каналдын абалы менен таанышты. Канал жергиликтүү тургундарды таза суу менен камсыз кылчу. Андан соң министр Аксай айылынагы суунун киришинен бузулган көпүрөнү капиталдык ремонттон өткөрүү тапшырмасын берди. Аталган көпүрө Тамдык чек ара посту менен байланыштырып турат.

Баткенге болгон иш сапарынын алкагында министр тийиштүү адистерге табигый кырсыктардын кесепеттерин тереңдетип жиберген себептерди тыкыр изилдөөгө алууну буюрду. 

"Өз убактысында жасалбаган коргоо иш-чаралары, арыктарды, сугаруучу каналдарды колдонуудагы жашоочулардын шалаакылыгы масштабдуу кыйроолорго, айрым учурда адам өлүмүнө алып келүүдө", — деди Боронов.

Иш сапар алкагында Кызыл-Кыя шаарында, Кадамжай жана Баткен райондорунда катталган табигый кырсыктардын кесепетин жоюу боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0