Участник  Comedy батл Мукаев рассказал, какую шутку вырезали на ТНТ

Ысык-Көлдүк Мыкы мыкты номери менен Москвалыктардын боорун эзди

(жаңыланган 12:37 12.07.2015)
Кыргызстандык куудул Мыктыбек Мукаевдин номери Comedy Батл оюнунун калыстар тобун таңгалдырып, жыйынтыгында, экинчи турга өттү.

БИШКЕК, 11-июль — Sputnik. Мыкы деген ат менен чыккан Түптүк куудул Мыктыбек Мукаев Comedy Батл оюнунун экинчи туруна өттү. 

Кең-Суу айылында чоңойгон Мыкынын алып чыккан номери жума күнү Москвадагы ТНТ теленканалынан көрсөтүлдү.

Мыкы Мукаевдин юмору калыстар менен залдагыларды кайдыгер калтырган жок. Ал Кыргызстанда койдун ар бир жакшылык, жамандык учурунда чекесинен эле союла берээрин, Чүйдө баңгизаттары жеңил эмес, жанды көзгө көрсөткөн чөп экендигин жана мектептеги жүдөө күндөрү туурасында күлкүлүү кылып айтып берди.

Калыстар тобунун бири Юлия Ахметова балалык чагын Кыргызстандын Кант шаарында өткөрөгөнүн эстеп, ностальгия да болуп кетти. Юлия кыргыз тилинде билген бир нече сөздөрдү айтып да берди. 

Жыйынтыгында, калыстар тобу Слепаков, Ахметова жана Светлаков кең- суулук Мыкынын номерин кызыктуу деп таап, экинчи турга өтүүгө мүмкүнчүлүк беришти.

Белгилер:
тамаша, күлкү, Comedy Батл, Мыктыбек Мукаев
Тема боюнча
"Мейкин Азия" фестивалынын тандоо туру 9-июлда улутттук филармонияда өтөт
Президент "Азия MIX " командасына миллион сом берди
COVID-19 менен оруган бала менен медициналык кызматкерлер. Архив

Нур-Султанда коронавирус менен ооруган балдардын саны өсүүдө

(жаңыланган 11:47 23.04.2021)
Казакстандын борборунда күнүнө коронавирустун 350дөн 650гө чейин жаңы учуру катталып жатканы айтылып, оору бөбөктөрдө да көп аныктала баштаганы маалым болду.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Нур-Султан шаарында 14 жашка чейинки балдар арасында коронавирус жуктургандардын саны үч эсе көбөйүп, шаардын санитардык дарыгерлери коңгуроо кагууда. Бул тууралуу шаардын мамлекеттик санитардык башкы дарыгери Сархат Бейсенованын айтымына таянып Sputnik Казакстан кабарлады.

Белгилей кетсек, эпидемиологиялык абал боюнча Нур-Султан шаары бир айдан бери кызыл зонада. Калаада күн сайын 350дөн 650гө чейин жаңы учур катталууда.

"14 жашка чейинки балдар арасында коронавирус жуктургандардын саны апрелде тездик менен өсүп, үч эсеге көбөйдү. Алсак, январда 571, февралда 479, мартта 1 106 болсо, апрелде 1 790го жетти. Балдар эле эмес чоңдор арасында да ооругандардын саны көбөйдү. Ошол эле учурда мектептерде чектөө киргизилгенден улам апрелде окуучулар арасында оору жуктургандар 0,8 пайызга азайган", — деген Бейсенова.

Буга чейин ал коронавирус 3 жаштан 10 жашка чейинкилер арасында көп табылып жатканын айткан. Башкы дарыгер мартка салыштырмалуу апрелде улгайгандар арасында да коронавирус илештиргендердин саны 2,2 пайызга өскөнүн кошумчалады.

Белгилер:
бала, оору, коронавирус, Нур-Султан, Казакстан
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
7 киши көз жумуп, 272 киши вирус жугузуп алды. COVID статистикасы
Кыргыз-Түрк Манас университетинин экологиялык инженерия бөлүмүнүн профессору, техника илимдеринин доктору Канатбек Кожобаев

Кожобаев: экологияны коргоодо калдыксыз технологияны колдонуу зарыл

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин экологиялык инженерия бөлүмүнүн профессору, техника илимдеринин доктору Канатбек Кожобаев экологияны коргоп кантип экономикага салым кошсо болорун айтып берди.
Кожобаев: экологияны коргоодо калдыксыз технологияны колдонуу зарыл

Желим баштык, бөтөлкө жана пластмасса буюмдарын кайра иштетүү, тамак-аш калдыктарын органикалык жер семирткичтерге алмаштыруу — учурдун талабы. Мындай пикирин Канатбек Кожобаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, экологиялык сабаттуулукту жогорулатууда алгач адамдардын аң-сезимин көтөрүп, маалыматтын жеткиликтүүлүгүнө маани берүү керек.

"Экологияны коргоодо жана экономиканы өнүктүрүүдө калдыксыз технологияга өтүш керек. Бул оңой эле ишке ашат. Адамдардын аң-сезимин өзгөртүү аркылуу экологиялык сабаттуулукту жогорулатуу зарыл. Желим баштык, бөтөлкө жана пластмасса буюмдарын кайра иштетүүгө, тамак-аш калдыктарын органикалык жер семирткичтерге алмаштыруу, биогаз чыгаруу — учурдун талабы. Мындай технологияны айыл жерлеринде көп колдонуш керек. Демилгени мамлекет колдоп берсе, жылыш жакшы болот эле. Элди ушундай пайдалуу ишке кызыктыруу зарыл", — деди Кожобаев.

Ошондой эле профессор экономика өнүккөн жерде экология зыянга учурап, бири-бирине каршы чыккан учурлар көп болорун кошумчалады.

Белгилер:
Канатбек Кожобаев, Технологиялар, экономика, экология
Тема боюнча
Донбаева: жайытты туура эмес пайдалануу тоолордун экосистемасын бузат