Хабаровск шаары. Архив

Кыргызстандыктар эми Хабаровскиден бекер билим алышат

(жаңыланган 11:53 12.07.2015)
Шаардык орто мектептеринин биринде экзамендер өтүп, натыйжада, 17 абитуриент жакшы көрсөткүчтөргө жетишкен.

БИШКЕК, 11-июль — Sputnik. Кыргызстандык абитуриенттер тесттен ийгиликтүү өтүп, Ыраакы Чыгыш мамлекеттик байланыш жолдору университетине өтүшкөнүн "Замандаш" ассоциациясынын маалымат кызматы кабарлайт.

"Бишкекте 2015-жылдын 8-9-июль күндөрү шаардын орто мектептеринин биринде экзамендер өтүп, натыйжада, 17 абитуриент жакшы көрсөткүчтөргө жетишкен", — деп айтылат билдирүүдө. 

Хабаровск шаарынын байыркы жогорку окуу жайларынын биринен кыргызстандыктар акысыз билим алып, стипендия жана жатакана менен камсыз болушат.

Июнь айынын ортосунда аталган университеттин эл аралык факультетинин деканы жана "Замандаш" жетекчиси жолугуп, билим берүү долбоорлорун ишке ашыруу жана Кыргызстандан техникалык адистик боюнча билим алууну каалаган студенттерди кабыл алууга жардамдашуу боюнча макулдашышкан. 

Белгилер:
абитуриент, билим берүү, студент, Хабаровск, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстанда учурда беш кесипке суроо-талап жогору
Белгилүү хирург Мамбет Мамакеев Спутник V вакцинасы менен эмдөө учурунда

"Спутник V" менен эмдөө башталып, биринчи болуп Мамбет Мамакеев алды. Сүрөт

(жаңыланган 12:03 23.04.2021)
Кечээ, 22-апрель күнү, Кыргызстанга россиялык "Спутник V" вакцинасынын 20 миң дозасы жеткирилди. Анын 15 миң дозасын өлкө сатып алса, беш миңи гумжардам катары берилди.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кыргызстанда россиялык "Спутник V" вакцинасы менен эмдөө башталып, алгачкылардан болуп аны белгилүү хирург Мамбет Мамакеев алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

  • Кыргызстанда россиялык "Спутник V" вакцинасы менен эмдөө башталып, алгачкылардан болуп аны белгилүү хирург Мамбет Мамакеев алды
    © Фото / пресс-служба Минздрава КР
  • Эске салсак, кечээ, 22-апрель күнү, Кыргызстанга россиялык "Спутник V" вакцинасынын 20 миң дозасы жеткирилди
    © Фото / пресс-служба Минздрава КР
1 / 2
© Фото / пресс-служба Минздрава КР
Кыргызстанда россиялык "Спутник V" вакцинасы менен эмдөө башталып, алгачкылардан болуп аны белгилүү хирург Мамбет Мамакеев алды
"Дарыгер Мамбет Мамакеев "Спутник V" вакцинасын алгачкылардан болуп алды. Препараттын бул партиясы 65 жаштан жогоркуларга жана өнөкөт оорусу бар жарандарга сайылат. Ал эми биринчи этапка кирген топ мурдагыдай эле Кытайдын Sinopharm вакцинасын алуусун улантышат", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, кечээ, 22-апрель күнү, Кыргызстанга россиялык "Спутник V" вакцинасынын 20 миң дозасы жеткирилди. Анын 15 миң дозасын Кыргызстан сатып алды. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, биринчи партиянын бир дозасы 10 доллардан турду. 20 миң доза 10 миң кишиге жетет. 

Белгилер:
вакцина, Спутник V, Мамбет Мамакеев, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Вакцина келди. Россия берген "Спутник V" "Манаска" түшүрүлгөн видео
7 киши көз жумуп, 272 киши вирус жугузуп алды. COVID статистикасы
Бишкектеги маршрутка айдоочу. Архив

Бишкекте маршрутка айдоочулары иш таштайбы? Ассоциациянын жообу

(жаңыланган 11:52 23.04.2021)
Буга чейин интернетте айдоочулар 3-май күнү ишке чыкпай, жол кирени көтөрүүнү талап кылышат деген маалыматтар тараган эле.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Бишкекте маршрутка айдоочуларынын иш таштоо ниети жок. Бул тууралуу Sputnik редакциясынын кабарчысына "Альянс бус" жүргүнчү ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Григорий Николаиди билдирди.

Буга чейин интернетте айдоочулар 3-май күнү ишке чыкпай, жол кирени көтөрүүнү талап кылышат деген маалыматтар тараган эле.

Николаидинин айтымында, ага дагы мындай кептер жеткен. Бирок төрага бул ортодогу чагымчылдардын кылганы деп эсептейт.

"Биз иш таштоону пландаган жокпуз. Бул теманын тегерегинде ким мынчалык чуу көтөрүп жатканын билбейм. Бардыгы мыйзам чегинде болушу керек, башка жолу жок. Бизде мэриянын токтому бар. Комиссия тарифтерди көтөрүү боюнча долбоорду даярдаган. Бишкек шаардык кеңешинин жаңы чакырылышы ишке киришери менен сессияда бул маселе каралат деп ишенем. Айрым айдоочулар шаар жетекчилиги тарифти көтөрүп беребиз деп коюп, убадасына турган жок деп башкаларды иш таштоого үгүттөп жатыптыр деп уктум. Тиешелүү кызматтар аларды издеп тапсын. Бирок бир дагы фирма иш токтоткусу келген жок. Мындай жол менен көйгөй чечилбейт", — деди ал.

Ушул тапта Бишкек мэриясынын алдындагы Шаардык транспорт башкармалыгында жүргүнчү ташуу менен алектенген ишкана жетекчилеринин жыйыны өтүп жатканы белгилүү.

Жол кире көтөрүү талабы

Быйылкы жылдын январь айында жол кирени көтөрүп берүүнү талап кылган беш фирмага тиешелүү 400дөй маршрутка ишке чыкпай койгон. Алар жол кире акысын 5 сомго жогорулатууну талап кылып, жол акы 2012-жылдан бери көтөрүлө электигин белгилешкен.

Анда ошол учурдагы мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев маршруткалардын жол киресин көтөрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бирок ага жок дегенде май айына чейин убакыт керектигин айткан.

Белгилер:
иш таштоо, айдоочу, талап, жол кире, маршрутка, Бишкек
Тема боюнча
Бишкектеги маршрутка айдоочулары күнүнө канча акча табат? Видео
Санитардык эрежелерди сактаңыздар! Мэрия айдоочуларга, элге кайрылды